ЕАЭБ санариптик долбоорлорду иштеп чыгууга сынак жарыялады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМонитор. Архив
Монитор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда сынактын жарым финалы 21-июль күнү "Ысык-Көл — 2018" экономикалык форумунун аянтында өтөт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык Биримдиктин ичиндеги өлкөлөргө "Евразиялык санариптик платформалар" аттуу инновациялык долбоорлор сынагы жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сынактын максаты — биримдиктин маалымат системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, андан сырткары, ЕАЭБдин санариптик күн тартибинин негизги багыттарын ишке ашыруу болуп саналат.

Сынак төрт номинацияда жүргүзүлөт:

1. "ЕАЭБдин санариптик келечеги" — жаш иштеп чыгуучулар үчүн;

2. "ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашырууда мыкты технологиялык чечимдер" — программалык камсыздоону ишке ашырган ири компаниялар үчүн;

3. "ЕАЭБдин мыкты санариптик долбоорлору" — башкаларга үлгү болчу, ишкерлиги белгилүү санариптик трансформациядан өткөн компаниялар үчүн;

4. "ЕАЭБдин санариптик күн тартибиндеги балдар жана өспүрүмдөр үчүн эң мыкты оюн" — оюндарды иштеп чыккандар жана санариптик экономика багытындагылар үчүн.

Ар бир өлкөнүн тандоо турунун жыйынтыгы менен жарым финалга ар бир номинациядан үч долбоор катышат, жалпылап айтканда 12 долбоор. Кыргызстанда сынактын жарым финалы 21-июль күнү "Ысык-Көл — 2018" экономикалык форумунун аянтында өтөт.

Сынакка катышууну каалагандар сайтына катталышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0