Шубин атындагы окуу жайдын үч окуучусу Алматыдан баш байге алышты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРПетр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин үч окуучусу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Бакытты елдин урпагы" аттуу эл аралык кароо-сынакта баш байгени багындырды
Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин үч окуучусу Казакстандын Алматы шаарында өткөн Бакытты елдин урпагы аттуу эл аралык кароо-сынакта баш байгени багындырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш таланттар 9, 11 жана 13 жашта.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин үч окуучусу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Бакытты елдин урпагы" аттуу эл аралык кароо-сынакта баш байгелүү болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРПетр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин үч окуучусу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Бакытты елдин урпагы" аттуу эл аралык кароо-сынакта баш байгелүү болушту
Международный фестиваль конкурс Бакытты елдин урпагы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин үч окуучусу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Бакытты елдин урпагы" аттуу эл аралык кароо-сынакта баш байгелүү болушту

4-5-май күндөрү өткөн фестивалга беш өлкөдөн 800 бала катышкан. Алардын жаш курагы 3 жаштан 21ге чейин экени айтылды. Кароо сынак театралдык искусство, хореография, көркөм окуу, классикалык инструмент, элдик аспаптар жана фольклор боюнча өттү.

"Кыргызстандан 9 жаштагы Аяна Бакирдинова аспаптар искусствосу номинациясында, 11 жаштагы Боогачы Нааматбеков менен 13 жаштагы Нурсултан Аширалиев улуттук аспаптар боюнча мыкты болушкан", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аталган фестивалга калыстар мүчөсү болуп барган КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева "Үздүк устаз" төш белгиси менен сыйланды.

Кыргызстандын жаш өнөрпоздору Алматыга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0