"Сулайман-Тоо" музейинде жерге төшөлгөн туу боюнча иш сотко өттү

Жазылуу
Кылмыш иши музей кызматкерине карата козголгон.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" тарыхый археологиялык музей комплексинде туунун курулуш иштерине колдонулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сүрөтчү жигит шамал учурган туунун ордуна башкасын түнү бою кармап турду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтчү жигит шамал учурган туунун ордуна башкасын түнү бою кармап турду. Видео
Эске салсак, буга чейин "Сулайман-Тоо" музей комплексинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков "музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү" деп, бир нече сүрөттү интернетке жарыялаган.

Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири болгон туунун тепсендиде калышына "Сулайман-Тоо" архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев айыптуу экенин айтып чыккан. Ал эми Кангелдиев болсо полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин орун алганын, ошондуктан ага жооптуу эмес экенин билдирген.

"Аталган музейдин менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы, Кара-Суу районунун 72 жаштагы тургуну М.М. кампада жаткан желекти алып чыгып, усталарга берип койгон. Алар тууну жумуш жүрүп жаткан 117-119-бөлмөлөрдөгү эмеректердин үстүнө жана астына, жерге жайып таштанды чогултуу үчүн колдонушкан. Окуя болгон жерден күбөлөр тартып алган сүрөттөргө фото-техникалык экспертизанын корутундусу чыккан. Анын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (КРнын мамлекеттик гербин же мамлекеттик желегин мазактоо) боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге караганда, тергөөдөн кийин чогулган материалдар Ош шаардык прокуратурасы аркылуу Ош шаардык сотуна кароого жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0