Ата мекендик согуш учурундагы документтердин электрондук архиви ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтернет-портал с архивными данными ВОВ
Интернет-портал с архивными данными ВОВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет портал Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата 2015-жылы жасалган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Улуу Ата мекендик согуш учурундагы баалуу документтердин электрондук архиви ишке киргенин эскертти.

pobeda.srs.kg интернет порталы Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата 2015-жылы жасалган. Анда ардагерлер тууралуу архивдик маалыматтар, аскерий аракеттер, ардагерлердин маектери, фотоальбом сыяктуу кызыктуу материалдар камтылган.

"Порталдан архивдик фондунун санарипке өткөн уникалдуу документтерин көрө аласыздар", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жарандар өз туугандары тууралуу да маалыматтарды таба алышат.

Бишкекте 9-майды белгилөө учурунда бир катар көчөлөр жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0