Бишкектин бир катар көчөлөрү 8-майда жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСвеча
Свеча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык берүү борбор калаанын батыш тарабында үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүнө эртең, 8-май күнү жарык берилбейт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын сайтына жарыяланды.

Ремонт дороги на участке проспекта Жибек Жолу - Sputnik Кыргызстан
Жибек Жолу проспектиси ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр
Билдирмеде бул күнү атайын бригада "Костромская" подстанциясында оңдоо иштерин жүргүзөрү айтылат (00.00дөн 5.00гө чейин). Бул убакыт аралыгында Дэн Сяопин проспектисиндеги үйлөр, Профсоюзная, Кайназарова, Патриса Лумумбы көчөлөрүндө жана "Касым" конушу менен "Достук" кичи районундагы тургундар жарыксыз калат.

Ошондой эле саат 9.00дөн 17.00гө чейин Чүй облусундагы Белек, Манас жана Сокулук айылдарында жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0