Жибек Жолу проспектиси ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр

© пресс-служба мэрии города БишкекРемонт дороги на участке проспекта Жибек Жолу
Ремонт дороги на участке проспекта Жибек Жолу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык бийлик көчөнүн аталган участогу жаңы технология менен салынгандыктан 5-10 жылга чейин чыдай турганын айтышууда.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат.

© пресс-служба мэрии города БишкекЖибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады.
Жибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады.
© пресс-служба мэрии города БишкекЖолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат.
Жолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат.
1/2
Жибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады.
2/2
Жолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат.

Оңдоо иштери бир жарым айга созулду. Муниципалитеттин берген маалыматына караганда, реконструкция жаңы технологиянын негизинде жасалган.

"Жогорку катмардагы асфальтбетонунун курамы беш компоненттүү болуп, курамында полимер кошулмалары менен көп шагыл камтылган. Бул жолдун сапатын кыйла жакшыртып, анын бир калыпта сакталышын 5-10 жылга узартат", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан өткөн жылы Гагарин көчөсүндөгү бир бөлүккө дагы ушундай эле катмар төшөлгөнүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0