Сооронбай Жээнбеков 9-майды утурлай Корчубек Акназаровго учурашып келди. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков навестил ветерана войны Корчубека Акназарова
Президент КР Сооронбай Жээнбеков навестил ветерана войны Корчубека Акназарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корчубек Акназаров 1-Белорусс фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровго учурашып кайтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент ардагерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, жасаган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровго учурашып кайтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровго учурашып кайтты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровго учурашып кайтты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент ардагерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, жасаган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент ардагерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, жасаган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Президент ардагерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, жасаган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи.
Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент ардагер аксакал менен дасторкон четинде маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты.
Президент ардагер аксакал менен дасторкон четинде маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Президент ардагер аксакал менен дасторкон четинде маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМаектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду.
Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду.
1/5
Президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровго учурашып кайтты
2/5
Президент ардагерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, жасаган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
3/5
Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи.
4/5
Президент ардагер аксакал менен дасторкон четинде маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты.
5/5
Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду.

"Сиз сыяктуу адамдардын арты менен биз бүгүн Жеңиш күнүн белгилеп жатабыз. Сиздин муундун каармандыгы менен өлкөбүз согуштан кийинки кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Майдандан жеңиш менен кайтып келип, Сиз өлкөбүз үчүн кайратмандык менен эмгектендиңиз", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи.

Президент ардагер аксакал менен дасторкон четинде маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты. Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду.

Акция Вальс Победы посвященная участникам ВОВ на площади Победы - Sputnik Кыргызстан
9-майда кандай иш-чаралар болот жана салют канчада атылат. Мэриянын маалыматы
Акназаров өз кезегинде куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, согуштагы окуяларды, от күйгөн согуш кезинде жана андан кийинки оор жылдары эл башынан өткөн оорчулуктарды эскерип, азыркы муундарга акыл-насаатын айтып, батасын берди.

Ардагер аксакал кыргызстандыктарды биримдикте болууга, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого чакырып, мамлекет башчысына өзүнүн "Өмүрдөгү ак жол" аттуу китебин белекке берди.

Корчубек Акназаров 1-Белорусс фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы К.Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0