Ош: кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинди сот 24,5 жылга эркинен ажыратты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталган эже-сиңди жаза мөөнөтүн аялдардын абагында өтөй тургандыгы белгилүү болду.

ОШ, 7-май — Sputnik. Ош облустук соту кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинди 24 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу келиндин эжесин облустук сот 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

"2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык соту кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн 26 жаштагы У.А. аттуу келинди 20 жылга, кылмышка көмөктөшкөн 38 жаштагы Г.К. аттуу эжесин 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарган", — деди Осмонкулов.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: Үч жашар баласын депкир менен сабап өлтүргөн аял 13 жылга эркинен ажыратылды
Шаардык соттун чечимине макул эместигин билдирген жабырлануучу — маркумдун уулу (айыпталган келиндин күйөөсү) Ош облустук сотуна кайрылган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды салган контейнерден башы кесилген аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү деп маркумдун келини менен анын эжесин милиция кызматкерлери кармаган. Аялдын кесилген башы табылбай, башсыз денеси жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0