Сапар Исаковдун демилгеси бөгөлдү. "Таза коом" сайты үч күндөн бери иштебей турат

© Sputnik / Жоомарт УраимовОтключение сайта tazakoom.kg
Отключение сайта tazakoom.kg - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Таза коом" өлкөдө санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоор. Аны Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турган учурда демилгелеп чыккан.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Өкмөттүн tazakoom.kg сайты 3-майдан бери иштебей турат. Бул туурасында Кыргызстандагы домендерди каттоо кызматынын сайтында маалымдалат. 

Анда tazakoom.kg деген домен 2-июнга чейин токтотулганы көрсөтүлүүдө. Мунун себеби белгисиз. 

© © cctldСайт службы регистрации доменов в Кыргызстане
Сайт службы регистрации доменов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сайт службы регистрации доменов в Кыргызстане
 

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ойготуп койгулачы! Кайсы министрликтин сайты кандай иштейт
Сайттын ээси жана төлөмдөрү менен техникалык жактан колдоо жагынаy Маалымат, технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети жоопкер болуп саналат. Аталган мекеменин маалымат кызматы мунун себептерин кийинчерээк айтып берүүнү убадалады. 

Мындан сырткары, мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө көрсөткөн portal.tazakoom.kg порталы да иштебей калган. 

"Таза коом" санариптик трансформациялоо долбоорун мурунку премьер-министр Сапар Исаков президенттик аппараты жетектеп турган маалда демилгелеп чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0