12:56 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13210

Кандай гана оюнчук болбосун анын сапаты тууралуу сертификатты сатуучудан талап кылууга ар бир кардардын укугу бар.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Наристенин ден соолугуна зыян алып келбей турган оюнчуктарды кантип тандоо керектиги жөнүндө Астана шаарынын коомчулуктун саламаттыгын сактоо депарменти кеңеш берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

"Оюнчуктарды колдон келишинче атайын дүкөндөрдөн алуу керек. Кандай гана оюнчук болбосун, анын сапаты тууралуу сертификатты сатуучудан талап кылууга ар бир кардардын укугу бар. Мындан тышкары, товардын таңгагына көңүл буруңуз, анда оюнчук кайсы курактагы балдарга ылайыкталганы сөзсүз жазылышы шарт", — деп айтылат маалыматта.

Макалада айтылгандай, сапартсыз оюнчук баланын ден соолугуна олуттуу зыянын тийгизет. Мисалы, ууланып, аллергияга кабылып же оюнчук сынып кеткен учурда денесин тыттырып алышы ыктымал.

Мындан тышкары адистер ар бир жаңы оюнчукту балага берерден мурда жууш керектигин эскертишет.

Тема боюнча

Евробиримдик спиннер оюнчугун кооптуу товардын катарына кошту
Пакистандын айрым аймактарында оюнчук тапанча сатууга тыюу салынды
Белгилер:
адистер, сапат, оюнчук, наристелер, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ