Кыргызстандын тунгуч Конституциясында эмнелер жазылган? Фото

© Sputnik / А. Гивенталь / Медиабанкка өтүүКыргыз ССРинин өкмөт үйү. Архив
Кыргыз ССРинин өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СССРдин курамына кирген Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясы 1929-жылы 30-апрелде Бүткүл кыргыз Советтеринин II съездинде кабыл алынган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 7 бөлүм, 16 глава, 106 беренеден турган так ошол Баш мыйзамдагы өзгөчөлүктөрдү окурмандарга сунуштайт.

Акысыз билим берүү боюнча 9-беренеде жазылган.

Автономдук республиканын аймагында жашаган ар бир жарандын акысыз билим алууга укугу болгон. Жашоочуларга шарт түзүү вазипасы мамлекетке жүктөлгөн.

Сөз эркиндиги  5-беренеде жазылган.

Бардык басылмалар мамлекет тарабынан каржыланат жана жеке тараптарга китеп, гезит чыгарууга жол берилбейт.

Качкындарга баш паанек 15 беренеде жазылган.

Башка өлкөдө саясий куугунтукка кабылып же диний ишениминен улам Кыргыз АССРине качып келген чет элдиктер бул жакта эркин жашоо мүмкүнчүлүк берилген.

Тил маселеси эки беренеде белгиленген.

Кыргызстандын аймагында ошол учурда жашаган адамдар өз эне тилинде эркин сүйлөөгө жол берилген жана кыргыз, орус тилдери расмий тил болуп саналган. Ал кезде улуттук азчылыктардын да эне тили унутта калган эмес. Мектептерде алардын тилин үйрөтүүгө шарт түзүү милдети бийликке тапшырылган.

Оор кылмыш жасагандар мунапыска туш келбейт деген шартты 92-беренеден окусаңыз болот.

Соттун чечими менен атууга кетсин делгендер, катуу жазалансын деп өкүм чыгарылгандар, революцияга каршы чыккандарга мунапыс берилчү эмес. Амнистияны өкмөт гана жарыялай алган.

Шайлоо укуктары 95-беренеде жазылган.

Мында жеке ишкерлик кылгандар, диний ишмердүүлүк менен алектенгендер, жеке кызыкчылыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле падышалык бийлик маалында күч түзүмдөрүндө иштегендер шайлоодо талапкер болуу жана добуш берүү укугунан ажыратылган.

Мамлекеттик түзүлүш эки жерде — 22, 37-беренелерде айтылган.

Автономдук республикада Советтердин съезди эң жогорку бийлик бутагы катары эсептелген. Ал эми аткаруу бийлигинин милдеттери Элдик Комиссарлар Кеңешинин мойнунда болгон. Алардын түрдүү тармакты көзөмөлгө алуусу үчүн Ички иштер, Юстиция, Агартуу, Саламаттык сактоо, Социалдык камсыздоо, Жер бөлүштүрүү, Финансы, Элдик чарба жогорку совети, Жумушчу-дыйкан инспекциясы, Эмгек, Соода болуп 11 комиссириат түзүлгөн. Азыркы мезгилге салыштырып айтканда, 11 министрлик болгон. Андан сырткары, ага Статистика башкармалыгы, Саясий башкармалык, План комиссиясы да кирген.

Маалыматтар Борбордук мамлекеттик Коомдук-саясий документтер архивинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0