Таласта 8-класстын окуучусу төрөдү. Шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалды

© AP Photo / Fernando Antonio, FileЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15 жаштагы кыз Талас шаарындагы төрөт үйүнө 3-май күнү түшкөн.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Талас шаарындагы №5 орто мектебинин 8-классынын окуучусу 3-май күнү төрөгөнүн шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз милицияга ошол эле күнү кайрылган.

"Кыз толук болгондуктан, анын кош бойлуу экенин ата-энеси билген эмес. 3-май күнү ал өзүн жаман сезе баштаганда, ооруканага жеткиришип, дал ошол жерден кыздын толготуп жатканы билинген. Бардар үй-бүлөдө жашаган кыз бойго жете электердин иши боюнча инспекциясынын каттоосунда турган эмес. Мектепте да жакшы окучу экен", — деп айтышты милициядан.

Укук коргоо органдарынан кошумчалашкандай, Кылмыш жана жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элек адам менен жыныстык катнашта болуу) менен  иш козголуп, 23 жаштагы жаран шектүү катары кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоо жайында.

Жаңылыктар түрмөгү
0