Канат, Керексиз, Кыял, Марал. Атыңыздын маанисин билесизби?

Жазылуу
Балага коюлган ысым аны менен өмүр бою жашап, келечегине, жашоосуна таасирин тийгизет деп айтылып жүрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызча ысымдарды чогултуп, лексикалык маанилерине токтолмокчу.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Камчы. Бул ысым бала камчылуу болуп (демек, чоңоюп, ат минип) эр жетсин деген тилекте, атасына камчы, тирек, кубат болсун деген максатта (көбүнчө атасы жашы бир топко келип калганда балалуу болгондо) коюлат.

Канат. Бала ата-энесине канат, тирек, жөлөк болсун деген максатта коюлат.

Каныбек. Каныбек деген ысымдар Жаныбек деген ысым менен үндөш келип, "баланын жаны бек болуп, аман-эсен чоңойсун" деген маанини билдирет.

Карыбоз. Антропонимдин өзөгү кары — боз (жаш) деген сөздөрдөн пайда болгон. Чечмелеп айтканда, узак жашап, бирок алдан — күчтөн тайбай, дайыма боз улан бойдон жаш болуп жүрө берсин деген аруу тилек менен ыйгарылат.

Ежегодное празднование Нооруз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Канышай, Кайнар, Калыс, Керээз... Атыңыздын маанисин билесизби?
Качкын. Баласы токтобогон учурда, ырымдап, башка жерге барып (жер которуп) төрөө салтынан улам келип чыккан. Мындай ысым ыйгаруу менен ата-эне наристеси токтоп, жашап калсын деген максатты көздөгөн.

Керексиз. Бул наам да балдары токтобогондо, Кудайдан кезектеги төрөлгөн перзентине өмүр беришин тилеп, "бул ымыркайдын бизге кереги жок, ал ашыкча жаралган бир жан" деген ойдо коюшкан. Кыргыздардагы Таштанды, Таштанбек, Сатыбалды, Сурабалды, Таабалды, Өзүбек, Сактанды сыяктуу ысымдар менен мотивдеш.

Конокбай. Бул ысым ар үйдө ар кандай мааниде коюлат. Алсак, кээ бири үйүнө келген конокту кадырлап күтө билген, ошондой эле конокко да урмат-сый менен бара билген киши болсун деп койсо, айрымдары үйүнөн конок үзүлбөсүн, бардар адам болсун деген максатты көздөшөт.

Кудайберди. "Кудайдан берилген белек" деген мааниде айрымдары балдарын Кудайберди аташкан.

Курманбек. "Достукту өзгөчө жогору баалаган, ишеничтүү, эл-жерин коргогон баатыр болсун" деген тилек менен эркек балдарга берилген ысым.

Куштарбек. Балага таңсык, куштар болуп жүрүп жеткендиктен ушундай ысым ыйгарышкан.

Кыз балдарга берилчү 10 ысым

Кымбат. Кызы нарктуу, баалуу, келишимдүү болуп өссүн деген максат менен берилет. Кээде ата-эне балалуу болбой жүрүп, перзенттүү болгондо "бул наристе бизге кымбат, керек, зарыл" деген аруу тилекте кызын Кымбат аташкан.

Кыял. Лексикалык өзөгү "ой, чабыт" дегенди түшүндүрөт. Кыялданган, ойчул, келечектен көптү үмүттөндүргөн, ою чукул болсун" деген максатта көбүнчө кыз балдарга берилген ысым.

Чүкө ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлжан, Жибек, Дөөлөт, Жаныш... Атыңыздын маанисин билесизби?
Мактым. Айрыкча, ичкилик кыргыздардын арасында жолуккан, бир топ кылымдардан бери аялдардын аты катары коюлуп келе жаткан антропоним. XIX кылымдарда "Кыз Мактым" деген лирикалык дастан тараган. Анда аялдардан чыккан сулуу жана өз сүйүүсүн барктап, өзүнүн эркиндиги үчүн күрөштө душмандарды жеңе билген Мактым деген каарман болгон.

Марал. Тоо теке, эликтердин бир түрү. Керилип баскан, сулуу жаныбар. Мындан улам ата-эне кызын сулуу жаныбарга салыштырып "маралдай маңкайган сулуу, төрт тарабы келишкен кыз болсун" деген максатта коюшкан.

Маржан. Араб тилинен келген ысым. "Мончоктой мөлтүрөгөн, шурудай тизилген, берметтей жалтыраган сулуу кыз болсун" деген үмүт менен берилет.

Медина. Медина – Сауд Арабиясындагы ыйык шаарлардын бири. Ага дүйнө мусулмандары сыйынышат, ыйык тутушат. "Кызыбыз да бүткүл ислам эли сыйынган жайдай таза, касиеттүү болсун" деген ата-эненин аруу тилеги менен берилген наам.

Мейиз. Мейиз бул жемиштин бир түрү. Ошол жемиштей кызы "таттуу, өмүрү ар дайым даамдуу (мазмундуу) өтсүн, дасторкону да жайнап турсун" деген таризде берилет.

Бешик бөлөп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи, балага кантип ысым тандайт. Жөрөлгөлөр мааниси
Меңди. Бала төрөлгөндө бетинде, маңдайында калы болсо элдик түшүнүк боюнча "бул баланын башка балдарга салыштырмалуу караганда артыкчылыгы — меңи бар" деп аталган ысымды беришкен. Ошондой эле мең кыз балдар үчүн сулуулуктун белгиси катары эсептелген. Ошол себептен ата-эне кыз балдарга келбети келишкен, көркөмдүү, чебер болсун деген тилекти билдириш үчүн мең сөзү катышкан: Меңди, Меңдигүл, Меңиш деген ысымдарды ыйгарышкан.

Миржан. "Мир" орус тилинен которгондо "тынчтык" деген маанини билдирет. Мындан улам ата-эне кызынын жашоосу тынчтыкта, жетишкен жашоодо өтсүн деп аталган ысымды ыйгарышкан. Бул ысым кээде балдарга да коюлган учурлар бар.

Мээрим. Кыз балдарга 70-жылдардан бери коюла баштаган, элге жагып, кеңири тарап бара жаткан аттардын бири. "Ата-энесине мээримдүү, күйүмдүү кыздардан болуп, үй-бүлөсүнө күйүмдүү, мээримдүү энелерден болсун" деген маанини өзүн алып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0