Бишкекте сойкулар жайын уюштурган аял жана үч кыз кармалды

© AP Photo / Jae C. HongСойкулук. Иллюстративдтик сүрөт
Сойкулук. Иллюстративдтик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги райондордун биринин жашоочулары көп кабаттуу үйдө мейманкана деген атты жамынган сойкулар жайы иштеп жаткандыгын айтып арызданган.

БИШКЕК, 5 мая — Sputnik. Тартип сактоочулар борбор калаада үч кыз төшөк кызматын көрсөтүп жүргөн батирди тапкан. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Бишкектеги райондордун биринин жашоочулары көп кабаттуу үйдө мейманкана деген атты жамынган сойкулар жайы иштеп жаткандыгын милицияга айтып арызданган.

Тартип сактоочулар Кылмыш кодексинин 261-беренеси (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен иш козгоп, андан соң батирди тинтүүгө алган.

"Текшере келгенде сойкулук жасоо үчүн жай уюштурган 32 жаштагы аял кармалып, жанынан акча табылган. Андан сырткары ошол жердеги үч 24, 34 жана 20 жаштагы кыздардын бир топ жылдан бери төшөк кызматын көрсөтүп келгени аныкталган", — деп атылат маалыматта.

Тергөө учурунда сойку жайын уюштурган деп кармалган аял убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0