Эскертүү! 6-май күнү Бишкектин бир көчөсүндөгү темир жол өтмөгү жабылат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТемир жолду оңдоо иштери. Архив
Темир жолду оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолдогу өтмөк 6-май күнү саат 10:00дөн 16:00гө чейин убактылуу иштебейт.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаадагы Асаналиев (мурдагы  Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү 6-май күнү жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиргендей, аталган көчөдөгү өтмөк 6-май күнү саат 10:00дөн 16:00гө чейин убактылуу жабык болот.

"Убактылуу бул ыңгайсыздык темир жол өтмөгүндө оңдоп-түзөө иштеринен улам жаралууда", — деп жазылган маалыматта.

Оңдоо иштерине байланыштуу шаардык транспорт башкармалыгы 103, 107, 127, 133, 134, 135, 136, 161, 176, 222, 227, 260, 270, 281 номурундагы маршруткалар убактылуу Жаш Гвардия бульвары менен айланып өтмөкчү.

Мэрия бардык айдоочулар эрежени эске алып, башка жолдор менен айланып өтүү керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0