Кара-Суу районунда каналдагы суу ташып 10 үйдү каптап кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРЗатопление домов в Карасуйском районе
Затопление домов в Карасуйском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коңурат" каналынан ашкан суу короо-жайларды таңкы саат 4.00дөр чамасында каптаган.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда "Коңурат" каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптады. Бул туурасынла ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-майда таңкы саат 4:00дөр чамасында Савай айыл аймагынын Октябрь айылында "Коңурат" каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптаган. Анын ичинен бир турак үйдүн жер төлөсүнө, төрт ажатканага суу кирип, мунун кесепетинен эки даараткана кулап түшкөн. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРОштун Кара-Суу районунда "Коңурат" каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптады
Затопление домов в Карасуйском районе - Sputnik Кыргызстан
Оштун Кара-Суу районунда "Коңурат" каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптады

"Турак үйдүн жер төлөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до ӨКМдин Кара-Суу райондук өрткө-каршы куткаруу бөлүмү тартылган. Учурда каналдын суусу азайтылды, Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба МЧС КРОштун Кара-Суу районунда "Коңурат" каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптады
Затопление домов в Карасуйском районе - Sputnik Кыргызстан
Оштун Кара-Суу районунда "Коңурат" каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптады
Мындан сырткары, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам тобу да чыгып кеткен.

Эскерте кетсек, 1-2-май күндөрү катуу жаан-чачын болуп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөрү алдына ала эскертилген. Ошого карабай каналдагы суу токтотулбаганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0