Эртеңден тарта Бишкек — Ташкент багыты боюнча автобус каттай баштайт. Баасы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеждународный автовокзал "Южные Ворота" в Москве
Международный автовокзал Южные Ворота в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билеттер "Кыргыз автобекети" ишканасынын кассаларында сатылууда.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы 5-майдан баштап эл аралык "Бишкек — Ташкент" каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, билеттин баасы чоң кишилер үчүн 1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга 500 сом көлөмүндө белгиленген. Беш жашка чейинки балдар орун ээлебесе акысыз жүрөт. Ал эми багаждын бир орундугу 200 сом.

"Билеттер "Кыргыз автобекети" (Батыш автовокзал) ишканасынын кассаларында сатылууда. Бишкек — Ташкент жана Ташкент — Бишкек боюнча автобустар күнүгө саат 22.00дө жөнөп турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган багыт боюнча темир жол байланышы ачылган. Ташкенттен алгачкы поезд 23-мартта келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0