Өкмөт социалдык объектилерди курууну колго ала баштады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буйрук Брюсселде кол коюлган финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо жаатындагы тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү бир катар социалдык объектилерди куруу үчүн 204,4 миллион сом бөлгөнүн маалымат кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттен өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 миллион 444 миң 400 сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүндү. Бул боюнча атайын буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү ат майданын өзгөчө кырдаалдан коргоо үчүн 2 объект курулат
Каражаттын 69 миллион сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат. Ал эми 67 миллион сом Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, 68 миллион сом ошол эле облустагы бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга жумшалмакчы.

Аталган буйрук Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы "Секторду реформалоого келишим — Кыргызстандагы социалдык коргоо" программасы боюнча финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо жаатындагы тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган. Документке 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0