Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан качкан балдар кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убактылуу кармоо жайында отургандар 1-майда эртең менен качып кетишкен.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан качып кеткен үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында качып кеткендер Токмок шаарынын четинде токойдон колго түшкөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Белгилей кетсек, 1-майда эртең менен Токмоктогу убактылуу кармоо жайынан үч бала качып кеткен. Алардын бирөө адам өлтүрүү боюнча айыпталган.

ИИМдин маалымат кызматы качып кеткендердин сүрөтүн жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0