Эмгекти кадырлоо — элдин негизги дөөлөтү. Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу

Жазылуу
Президент өз куттуктоосунда чет жакта иштеп жүргөн мекендештердин салымын жогору баалаган.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-май майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө Совет доорунан бери сакталып келе жаткан бул салттуу майрам эмгекчилердин тилектештигин, ак эмгек аркылуу ийгиликке жетүүнүн салтанатын даӊазалап келерин айткан.

"Эмгекти кадырлоо — элибиздин негизги дөөлөтү. Адал эмгек, маңдай тер менен гана өндүрүштү өнүктүрүп, бакубат турмушка жана руханий байлыкка жетүүгө болот. Эмгек адамдарын даңазалаган ушул күнү өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу муундун өкүлдөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем! Эмгек ардагерлеринин турмуштук мол тажрыйбасы, сабырдуулугу жана даанышмандыгы, жаш муунга көргөн камкордугу коомубузду өнүктүрүүдө зор мааниге ээ", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков ошондой эле эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык майрамында чет өлкөдө эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерге жылуу каалоолорун жолдогон.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду
"Бөлөк эл, бөтөн жерде сиздер үй-бүлөңүздөр үчүн, мамлекетибиздин экономикасы үчүн чоң иш жасап жатканыңыздарды ыраазычылык менен баса белгилейм. Евразия экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө иштеп жаткан эмгек мигранттарыбыздын шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жигердүү улантылат", — деди президент.

Өлкө башчысы чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин укугун ар тараптан коргоо, аларга конкреттүү жардам көрсөтүү — Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринин артыкчылыктуу иши экенин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0