Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам

© Фото / предоставлено Асылбеком АсаналиевымПовар в японском ресторане Асылбек Асаналиев
Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдө билим алып, өз ордун таап ийгилик жараткан кыргызстандыктар аз эмес. Алардын бири 28 жаштагы Асылбек Асаналиев алты жылдан бери Япониянын Цукуба шаарында иштеп, ал жакта үй-бүлөсү менен жашап келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жерде ресторанды башкарып, япон ашканасын ийне-жибине чейин билген ашпозчу менен маек курду.

— Японияга кантип барып орун-очок алып калдыңыз эле?

Профессиональный шеф-повар Виктор Цой - Sputnik Кыргызстан
Даамы таңдайдан кетпейт!.. Кыргызстандын мыкты 7 ашпозчусу
— Мен бул жакка көп эле жолу келгем. Алгач кыска убакытка изилдөө программасынын алкагында баргам. Андан соң Ишенаалы Арабаев атындагы университетте окуп жүргөндө программанын алкагында келгем. Ошол маалда япон тилин тереңдетип үйрөнөйүн деп ал жактагы жеке мектепке документтеримди тапшырып Кыргызстанга кайткам. Ошентип ал окуу жайга өтүп кетип, кайра Японияга сапар алгам. Ошондон тарта жумуш таап, үй-бүлө куруп калып калдым.
© Фото / предоставлено Асылбеком АсаналиевымАшпозчу Асылбек Асаналиев алты жылдан бери Японияда жашайт
Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Ашпозчу Асылбек Асаналиев алты жылдан бери Японияда жашайт

— Окууну бүтүп эмнеге Кыргызстанга келген жоксуз?

— Мугалимдик боюнча жылына 7000 миң доллар төлөп билим алчумун. Бирок биринчи жылы каржы жагынан кыйналып окууну жыйыштырдым, жалпы ал жерде эки жыл окумакмын. Ошончо акча сарптаган адистигимдин келечегин Кыргызстандан көрө албай койдум. Үйдөгүлөр менен да кеңештим. Бош убактымда өзбекстандык досум экөөбүз ашканада идиш жууп, официант болуп иштечүбүз. Көрсө ошол кезде ресторандын ээси биздин жакшы иштеп жүргөнүбүздү байкап калыптыр. Анан ал бизди жумушка чыкыртып, ошентип ашпозчулукту аркалап кеттим. Бул жактан япон кызына үйлөндүм, мекениме келгенде эмне жумуш кылам деп ойлонуп бир нерсе үйрөнүп кетүүгө аракет жасадым, япондордун тамак-ашын изилдей баштадым. Негизи бул жактагылардан көп нерсе алса болот. 

— Анан япондорго кандай күйөө бала болдуңуз?

— Келинчегим менен жумуштан таанышкам. Ал дагы келип-кетип иштеп жүрчү. Жылдызыбыз келишип мен аны жактырып калдым. Ишке келбей калса аны издеп калмай. Кыскасы, ал сезимдерди айтып болбойт. Япондордун күйөө баласы эмес, кызматкери болуу кыйын. Анткени алар талапты катуу коюшат. Жубайымдын колун сураганы барганда болочоктогу кайын журтум такып бардыгын сурап чыккан. Ата-тегим, алдыда койгон пландарым, жумушум боюнча суроолоруна жооп алып, анан гана макул болгон.

© Фото / предоставлено Асылбеком АсаналиевымКыргызстандык ашпозчунун алдында 40ка жакын кызматкер иштейт
Кыргызстандык ашпозчунун алдында 40ка жакын кызматкер иштейт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандык ашпозчунун алдында 40ка жакын кызматкер иштейт
© Фото / предоставлено Асылбеком АсаналиевымАсылбек Асаналиев Бишкекте япон ашканасын ачууну көздөп келет
Асылбек Асаналиев Бишкекте япон ашканасын ачууну көздөп келет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Асылбек Асаналиев Бишкекте япон ашканасын ачууну көздөп келет
© Фото / предоставлено Асылбеком АсаналиевымАл эмгектенген ресторанда беш кыргыз, эки орус жана япондор эмгектенет
Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал эмгектенген ресторанда беш кыргыз, эки орус жана япондор эмгектенет
1/3
Кыргызстандык ашпозчунун алдында 40ка жакын кызматкер иштейт
2/3
Асылбек Асаналиев Бишкекте япон ашканасын ачууну көздөп келет
3/3
Ал эмгектенген ресторанда беш кыргыз, эки орус жана япондор эмгектенет

— Чет жакта кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

Пельменный цех в новостройке Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Колго пельмен түйүп саткан Зиядат: үйдө отурган аялдарды ишке тарта баштадым
— Окуп жүргөндө тил жагынан кичине кыйналдым. Бишкекте үйрөнгөнүм Японияга барганда начар болуп чыкты. Андан сырткары, 2-3 ай жумуш таба албай жүрдүм. Акчанын жоктугунан күнүнө бир жолу эле тамактанмай, үйгө кесме алып келип, сууга бышырып жеп жүрүп арыктап кеткем. Кийин жумушка киргенде япон кесиптештеримдин көралбастыгынан иштен айдалып, башка жактан акча таап жүрдүм. Бизге деле чет жактан бирөө келип тың болуп, бат эле көтөрүлүп кетсе ичи тарлар четтен чыгат да. Так ошондой учурларды башыман өткөрдүм. Бирок убакыт өткөндөн кийин мурдагы жумуштагылар кайра чакыртып, ишке алышты. Кыскасы ресторанды келе калып эле башкарып калган жокмун.

— Азыр иштериңиз кандай?

— Кудайга шүгүр, жакшы. Жакында эле экинчи кыздуу болдум. Мен башкы ашпозчу жана администратор болуп иштеп жаткан жерде 40ка жакын кызматкер эмгектенет. Алардын арасында беш кыргыз бар. Бул өлкөгө келген мекендештерге колдон келген жардамды берип, аларды жумушка алууга аракет жасайм. Ал жактагы бардык иштерди өзүм көзөмөлдөйм. 

© Фото / предоставлено Асылбеком АсаналиевымЯпон кызына үйлөнгөн жигит эки кыздын атасы
Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Япон кызына үйлөнгөн жигит эки кыздын атасы

— Сыр болбосо ал жакта канча айлык аласыз?

— Мактангандай болбоюн, бирок менин курагымдагы япондор менчелик айлык албайт. Маянам 3000-3500 доллардын тегерегинде. Аябай көп акча алат экен деп ойлобогула. Японияда бардыгы кымбат, тапканыңды ошончо сарптайсың.

— Кыргызстанга келүү ниетиңиз барбы?

АКШ долларларын кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда миллионер кылчу бизнестин 8 түрү. Адистердин кеңеши
— Ооба. Буюрса бир жылдан соң үй-бүлөм менен биротоло барам. Анткени ресторандын ээси менен ошентип келишим түзүп койгом. Бишкекте кесибимди улантып, бардык талаптарга жооп берген заманбап япон ашканасын ачууну пландап жүрөм. Буюрса ал башкаларга үлгү болуп, келгендер ырахат алып кете турган жай болот. Бул бир гана киреше табуу үчүн эмес. Япониядан үйрөнгөнүмдү Кыргызстанга алып келип башкаларга кызмат көрсөтүүнүн, тазалыктын үлгүсүн иш жүзүндө көрсөтүп берем.

Буга чейин Кореяда окуп-иштеп, акыры мекенине кайтып келген кыргызстандык Фатима Жумабаева да ийгилик сырлары менен бөлүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0