Каракол: кечкисин үч түскө өзгөргөн фонтан иштей баштады

© © SputnikОткрытие фонтана в Караколе
Открытие фонтана в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фонтан республикалык бюджеттин эсебинен 5 млн. 238 миң сомго жасалды.

Каракол, 28-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарындагы борбордук скверде кечкисин үч түскө өзгөргөн фонтан иштей баштады.

Бул жаңы фонтан үч түскө өзгөрүлүп, суусу беш түрдүү атылат. 

© © SputnikОткрытие фонтана в Караколе
Открытие фонтана в Караколе  - Sputnik Кыргызстан
Открытие фонтана в Караколе

"Фонтан республикалык бюджеттин эсебинен 5 млн. 238 миң сомго жасалды. Сууну 22 килловаттык насос үйлөп турат. Тегереги ар кандай аба ырайына туруштук берүүчү гранит таш менен салынган", — деп билдирди "Каракол суу түтүктөр" ишканасынын жетекчиси Канат Ишембиев.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев фонтанга жакын арада видео көзөмөл коюла турганын билдирип, тургундарды бул жерге аяр мамиле жасоого чакырды. Шаар башчынын айтуусунда, анын айланасына карыялар шахмат ойноого ылайыктуу орундуктар жакында коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0