Төрт жашында фотомодель болгон Айыма. Наристенин апасы менен маек

© Фото / предоставлено Нази АсылбековойФотомодель Айыма Бактыбек кызы
Фотомодель Айыма Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сиз төрт жашар балаңыздын сүйлөгөн бал тилине, күндө жаңы чыккан өнөрлөрүнө элжиреп отурасызбы? Ооба, адатта мындай курактагы балдарды момпосуй жесе, курсагы тойсо башка нерсе менен баш оорутпайт дейбиз.

Биздин бүгүнкү каарман Айыма Бактыбек кызы саркеч кийинип, кадимки чоң кыздардай болуп койкоюп сүрөткө түшөт. Апасы алып барган Instagram баракчасына баш баксаңыз, ар башка образда түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот. Бул бөбөк кичинекейлердин кийимин саткан дүкөндөрдүн жүзү болуп, жарнамалап турат экен.

Төрт жашар кыз Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болду. Кыздын апасы Нази Асылбековага бир нече собол узаттык. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовНази Асылбекова: Айыма салмагы 2,5 килограмм болуп төрөлдү. Аны көтөрүп алып сейилдегени чыксам коңшуларым жаш кыз куурчак ойноп жүрөт деп ойлошуптур
Нази Асылбекова: Айыма салмагы 2,5 килограмм болуп төрөлдү. Аны көтөрүп алып сейилдегени чыксам коңшуларым жаш кыз куурчак ойноп жүрөт деп ойлошуптур - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нази Асылбекова: Айыма салмагы 2,5 килограмм болуп төрөлдү. Аны көтөрүп алып сейилдегени чыксам коңшуларым жаш кыз куурчак ойноп жүрөт деп ойлошуптур
© Sputnik / Жоомарт УраимовНази Асылбекова: көбүнчө кийимдеринин дизайнын өзүм жасайм. Тигүүчү эжебиз бар, ал жарашыктуу кылып тигип берет
Нази Асылбекова: көбүнчө кийимдеринин дизайнын өзүм жасайм. Тигүүчү эжебиз бар, ал жарашыктуу кылып тигип берет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Нази Асылбекова: көбүнчө кийимдеринин дизайнын өзүм жасайм. Тигүүчү эжебиз бар, ал жарашыктуу кылып тигип берет
© Sputnik / Жоомарт УраимовНази Асылбекова: өзүм кийимге талабым жогору болгону менен кызымды ушундай алып жүрөм деп ойлогон эмесмин. Айыма төрөлгөндөн кийин эле ушундай идея жаралып кетти
Нази Асылбекова: өзүм кийимге талабым жогору болгону менен кызымды ушундай алып жүрөм деп ойлогон эмесмин. Айыма төрөлгөндөн кийин эле ушундай идея жаралып кетти - Sputnik Кыргызстан
3/3
Нази Асылбекова: өзүм кийимге талабым жогору болгону менен кызымды ушундай алып жүрөм деп ойлогон эмесмин. Айыма төрөлгөндөн кийин эле ушундай идея жаралып кетти
1/3
Нази Асылбекова: Айыма салмагы 2,5 килограмм болуп төрөлдү. Аны көтөрүп алып сейилдегени чыксам коңшуларым жаш кыз куурчак ойноп жүрөт деп ойлошуптур
2/3
Нази Асылбекова: көбүнчө кийимдеринин дизайнын өзүм жасайм. Тигүүчү эжебиз бар, ал жарашыктуу кылып тигип берет
3/3
Нази Асылбекова: өзүм кийимге талабым жогору болгону менен кызымды ушундай алып жүрөм деп ойлогон эмесмин. Айыма төрөлгөндөн кийин эле ушундай идея жаралып кетти

— Алгач өзүмдүн карындаштарымды, анан Айыманы карап таң калып жатам. Кызыңыз бешиктен бели чыга элегинде профессионал моделдерче сүрөткү түшкөндү кайдан үйрөндү?

— Негизи бул чөйрөгө өзүм кызыгам. Мен да кийимге кызыгып,  саркеч кийинип жүрчүмүн. Турмушка чыга электе мени жакындарым "Барби" деп коюшчу. Айыма салмагы 2,5 килограмм болуп төрөлдү. Аны көтөрүп алып сейилдегени чыксам коңшуларым жаш кыз куурчак ойноп жүрөт деп ойлошуптур. Кийин көргөндө таң калып "кийимдерди кайдан аласыз?" деп сурашкан.

— Чын эле кийимдерди кайдан аласыздар? Instagram баракчасын карасам, ар сүрөтүндө ар башка кийим кийим түшүптүр.

— Көбүнчө кийимдеринин дизайнын өзүм жасайм. Тигүүчү эжебиз бар, ал жарашыктуу кылып тигип берет. Андан тышкары, дүкөндөрдү жарнамалап кийимдерди белекке алып турабыз. Бут кийимине келгенде айла жок сатып алабыз. Кызымды төрөлгөндөн тартып эле ушинтип кийинтип жүрөм. 

© Фото / Нази АсылбековаНази Асылбекова: кызымды төрөлгөндөн тартып эле ушинтип кийинтип жүрөм
4-летняя фотомодель Айыма Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Нази Асылбекова: кызымды төрөлгөндөн тартып эле ушинтип кийинтип жүрөм

— Өзүңүз да моделдик чөйрөгө аралаштыңыз беле же жетпей калган кыялыңызды кызыңыз орундатышын каалайсызбы?

— Жок. Модель болгон эмесмин, кыялымды орундатсын деп деле тилек кылбайм. Өзүм кийимге талабым жогору болгону менен кызымды ушундай алып жүрөм деп ойлогон эмесмин. Айыма төрөлгөндөн кийин эле ушундай идея жаралып кетти. Бирок кайненем убагында туфлисине жараша баш кийим алып, саркеч кийинип жүрчү экен. Өзүмдүн таежем да сулуулук сынактарына катышып жүргөн.

— Демек, канында бар экен да. Айтсаңыз, бир сүрөттү тартууга канча убакыт кетет?

— Көбүнчө өзүм эле телефонго тартып киргизем. Бир сүрөттү бери дегенде 500 жолудай тартып, бир күндөй убактыбыз кетет. Кээде көңүлү келбей, көк беттенип туруп алат. Ал күнү токтотуп үйгө алып кетип, эртеси тартабыз.

Кызым атактуу адамдардын, ырчылардын да стилин туурап чыгат. Мисалы, Асел Кадырбекова, Айжан Асемова, Валентина Шевченконун образында сүрөт жүктөгөнүбүздө аябай жакшы кабыл алышкан.

— Социалдык тармактарга канча жашынан бери киргизип жатасыз?

Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммед. Тик көз караш, кичинекей муштум - Sputnik Кыргызстан
Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммед. Карагаттай көздөр, түйүлгөн муштум
— Instagram баракчасын эки жарым жашында ачып сүрөттөрүн жайгаштыра баштадык. Ошондон кийин бутиктерден сунуш түшө баштады. Учурда  үч дүкөн менен дайыма иштешебиз. Жаңы товар келген сайын чакырып турушат. Негизи жалпы жонунан 10дон ашык дүкөн менен кызматташтык. Жакында эле аксессуар саткан дүкөндүн жарнамалык ролигине тартылдык. Өткөн жылы калаадагы кайсы бир соода борбору уюштурган "Мини Мисс —2017" сынагына катышып, баш байгени жеңип алдык.

— Сыр болбосо, кызмат акыңыздар канча?

— Биз келишим түзүп же белгилүү өлчөмдө акча сурабайбыз. Өздөрү көңүлүнөн чыкканын берет же болбосо бир кийимин белек кылып коет. Үйдөгү чоң шкаф толо Айыманын кийими. Жолдошумдуку, меники, баламдыкы бир бурчунда эле калган.

— Кыргызстанда Айыма сыяктуу социалдык тармактарда активдүү балдар көппү?

Молодоц актер Канат Дилдедосов - Sputnik Кыргызстан
Эл оозуна алынган кичинекейлер. КВНчиден тарта ди-джейге чейин
— Аракет кылып жаткандар болсо керек. Бирок биздей болуп такай иштегендерди көрө элекмин. Азырынча теңтайлаша турган атаандашыбыз жок десем болот. Кызымдын сүрөттөрү бир топ чет элдик интернет журналга кирген. Түркия, Америка, Албания, Армения жана Германиядан досторду таптык. Жаңы сүрөт киргизгенде бири-бирибизден сурап турабыз. Мен туризм жаатында окугандыктан англис тилин жакшы өздөштүргөм.

— Атасы бул жумушуңуздарды кандай кабылдайт?

— Атасы каршы эмеспи деп көп сурашат. Чынында андай эмес, ал да бизди колдоп, жардамын аябайт. Өзү кийимдерди алып келип, жаңы бир нерселерди айтып турат. Мындан сырткары, атасы өзү шахмат үйрөтүүдө, бий курсуна да жаздырдык. 

© Фото / предоставлено Нази АсылбековойНази Асылбекова: көбүнчө өзүм эле телефонго тартып киргизем. Бир сүрөттү бери дегенде 500 жолудай тартып, бир күндөй убактыбыз кетет. Кээде көңүлү келбей, көк беттенип туруп алат
4-летняя фотомодель Айыма Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Нази Асылбекова: көбүнчө өзүм эле телефонго тартып киргизем. Бир сүрөттү бери дегенде 500 жолудай тартып, бир күндөй убактыбыз кетет. Кээде көңүлү келбей, көк беттенип туруп алат

— Кызыңызды келечекте кайсы жактан көргүңүз келет?

— Азыр жасап жаткан нерселер — менин кызыгуум да. Чоңойгондо өзүнөн сурайм, эгер башка тармакты тандайм десе мажбурлабайм. Негизи мектепке бара баштаганда, муну токтотобуз деп ойлойм. Себеби классташтарынын арасында терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0