Берип жаман көрүнгөнчө... Тууган-туушкандар кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Владимир ПироговФестиваль "Кыргыз Шырдагы" в ущелье Салкын-Тер
Фестиваль Кыргыз Шырдагы в ущелье Салкын-Тер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандарың көп болсо кандай жакшы. Айрыкча алардын кадыр-баркы аш-тойлордо, жамандык-жакшылыкта билинет эмеспи. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп чогуу жүрчү да ошолор. Бирок айрым учурда арасынан кыжырга тийип кеткен учурлары да болот. Алардын жоругуна бир чети күлкүң келсе, кээде чындап эле жинденесиң.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет тууган-туушкандардын кыжырга тийген учурун кыйытып кетмекчи.

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Аңдышкан жоо болбойлучу... Абысын кыжырды кайнатканда
Сурагандан тажабагандар. Кокус жакшы жашап, көбүрөөк акча табарыңды билсе үйүңө банктан бешбетер келе берет. Ал акча деле асмандан түшпөйт да. Бир бересиң, эки бересиң, андан кийин өздөрү деле уялбайбы. Карызга сурап алып кайра бербей кыйнагандарычы. Мындан улам берип көрүнгөнчө бербей жаман көрүнгөн жакшы окшойт деп каласың.

Жардам сурай бергендер. Мамлекеттик жумушта же Ак үйдө иштеп калсаң болду, кээ бири чала берип тажатат. "Мен жөнөкөй кызматкермин" десең да түшүнбөйт. Маселени дароо чече калгандай мен президент же сыйкырчы эмесмин да. Анан да сен бир "кадрлар бөлүмүндө" иштеп жаткансып, жумуш таап бер деп суранган туугандар айлаңды кетирет.

Кийлигише бергендер. Мындай кырдаалга көбүнчө үйдүн кичүүлөрү кабылат. Ар бири өзүнчө бүлө болуп кетсе деле кичүүсүнүн жашоосу дагы эле улууларынын көңүл чордонунда. Ал чоңойду, үй-бүлө күттү, чечимди өзү чыгарат да.

Бирөөнүн акчасын санагандар. "Тапкан акчаңды эмне кылып жатасың?" дегенде каның кайнайт да. Мен деле жөнү жок чача бергендей бала эмесмин да, балким үй салайын же унаа алайын деп чогултуп жаткандырмын.

10 конкурентных преимуществ кыргызстанских жен - Sputnik Кыргызстан
Өз бүлөңөрдү билгилечи... Кайнеже, кайын сиңди кыжырды кайнатканда
Көрө албагандар. Тууган арасында да "сасыткылар" болот. Той-аш өткөрүп жатсаң, келип кол тийгизип, улуу болсо батасын бергендин ордуна сын айтып, жактырбай кеткендер да болот.

Таарынчаактар. "Устукандын кичүүсүн тартып койду, тойго чакырылбай калдым" деп тултуңдап, ал тургай табак түпкө таарынган туугандарга бир чети таң калсаң, бир чети жан кашаят.

Катышпагандар. Тууган менен бир чыны болсо да чай ичишип турган жакшы да. Чакырсаң келбейт, же өзү үйүнө чакырбайт. Туугандын баркын билбейт. Күйүп-күйүп тим болосуң…

Жаңылыктар түрмөгү
0