Шаардык милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп иштей баштады

Жазылуу
Борбордук аянтка кире бериш жерде көзөмөл жайлар уюштурулуп, адамдар текшерилип киргизилет.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Борбор калаанын 140 жылдык майрамына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өткөнүн шаардык ИИБден билдиришти. 

"Бишкек шаарынын 140 жылдыгынын урматына 28 жана 29-апрель күндөрү уюштурулган майрамдык иш-чараларда шаардык милиция коомдук жайларда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ал үчүн ички иштер органдарынын 2000 кызматкери даярданды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, салтанат учурунда “Ала-Тоо” аянтынын тегерегинде унаа кыймылы чектелет. Борбордук аянтка кире бериш жерде көзөмөл жайлар уюштурулуп, адамдар текшерилип киргизилет.

Бишкек ШИИБи шаардыктарды коопсуздук максатында болуп жаткан иш-чараларды түшүнүү менен кабыл алуусун суранып, ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0