Борбор калаада жашылча-жемиштерди экспорттоо боюнча бизнес-форум өтөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСбор яблок в Краснодарском крае
Сбор яблок в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага Өзбекстан, Тажикстандын мамлекеттик органдары менен ишкерлери катышары айтылды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте Фергана өрөөнүндө өндүрүлгөн жашылча-жемиштерди экспорттоо маселеси талкууланат. Бул тууралуу өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстандын 44 тонна айыл чарба азыктарын артка кайтарды
Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы бизнес-форум 12-13-май күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Анда дыйкандардын продукциясын ташуу, сатуу жана аймактык кызматташуу маселелери талкууланат.

Кыргызстан тарап уюштуруп жаткан иш-чарага Өзбекстан менен Тажикстандын мамлекеттик органдары жана ишкерлер катышат. Андан сырткары, Россия, Казакстан, Индия, Кытай, Монголиядагы ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0