Илим Карыпбеков депутаттын көчмө студия боюнча айтканына жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив
КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы КТРК 1 миллион 500 миң долларга көчмө телестудия алган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында көчмө телестудияны 500 миң долларга кымбат алган деген сөзүнө жооп берди.

Эл өкүлү 2017-жылы КТРК 1 миллион 500 миң долларга көчмө телестудия алганын, бул нарк кымбат түшкөнүн айткан.

"Интернетте жабдуунун баасы 1 миллион долларды эле көрсөтүп жатат. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул фактыны текшерип көрүшү керек. Баасын интернеттен деле карап көрсөңөр", — деген Иманалиев.

Депутаттын айткандарына КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков Facebook баракчасы аркылуу жооп берди. 

Суроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок. - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарда көчө шыпырып иштегем! Илим Карыпбеков тууралуу 7 факты
"Бул боюнча дагы жооп бере кетейин. Азыркы тапта КТРКда Эсеп палатасы дал ушул көчмө студияны текшерип жатат. Башка укук коргоо органдарынын да текшерүүсүнө мен каршы эмесмин. Таптаза, эч бир жаман иштерге аралашпаган Каныбек Иманалиевдин сөзү катуу болуп, базардан унаа сатып алгандай эле айтыптыр. Көчмө студия базарда, дүкөндө сатылбайт. Ал нөлдөн куралып, ар бир тетиги сатып алынат. Бизге дагы интернет дарегин берип коюусун суранам, карап чыгалык", — деп жазган Карыпбеков.

Буга чейин Карыпбеков 2016-жылкы парламенттик шайлоодон түшкөн каражатка көчмө телестудия аларын айткан эле. https://sputnik.kg/Radio/20161214/1030784003/ktrk-kochmo-studiya-satyp-alat.html Окуяларды жеринен түз алып берүүгө жол ачкан, HD 16:9 форматтагы 8 камерасы бар заманбап жаңы көчмө студия Түркиядан алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0