Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Жазылуу
Эки тарап 30-апрелден 1-майга чейин ары-бери каттай алышпайт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабыларын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Кытайдагы Эмгек майрамынан улам, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары иштебейт", — деп айтылган маалыматта.

Эки тарап 30-апрелден 1-майга чейин ары-бери каттай алышпайт.

Транспорт менен жүк ташуучулардын өтүшү 2-майдан тарта жанданмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0