"Кыргызтелеком" интернетти 3,5 эсе арзан сатып ала баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызтелеком" ишканасынын имараты. Архив
Кыргызтелеком ишканасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик компания ири көлөмдөгү трафикти арзан баада сата турчу турчу жаңы жеткирүүчүлөрдү тапты

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКы интернеттин тарифин 3,5 эсе арзандатып, трафиктин ылдамдыгын көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине компаниядан билдиришти.

Акционердик коомдун башкаруучулар жана директорлор кеңеши тендер өткөрүп, интернет-трафикти жеткирүүчүнү тандады. Конкурска жалпысынан Россиядан, Казакстандан, Германиядан, Кытайдан жана Кыргызстандан 14 компания катышкан.

"Тендердин жыйынтыгында интернет-трафикти сатып алуу баасы 3,5 эсе арзандап, анын көлөмү 20дан 50 гигабитке чейин көбөйгөн. Бул өз кезегинде кардарларды арзан жана ылдам интернет менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ал эми компания жыл сайын бир миллионго жакын долларды үнөмдөп калат", — деп "Кыргызтелекомдон" билдиришти.

Тендерге катышкан жергиликтүү компаниялар "Кыргызтелекомдон" трафикти сатып алууга кызыкдар экенин маалымдашкан.

Компьютерде иштеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызча "жаза албаган" сайттар. Бийлик органдары маалыматын кантип жайылтат
Андан сырткары "Кыргызтелеком" беш жеткирүүчү менен алкактык келишим түзгөн. Бул өз кезегинде күтүлбөгөн кырдаал болуп кеткен учурда тезинен экинчи жеткирүүчүдөн интернет-трафикти алууга мүмкүндүк берип, бир тарапка болгон көз карандылыкты азайтат.

"ААКтын жаңы жетекчилиги дайындалганга чейин баалар мурдагыдай, ал эми интернет-трафиктин көлөмү жетпей калчу. Мындай нерсе мамлекеттик компаниянын атаандаштыкка туруштук берүүсүнө жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип келген", — деп компаниядан билдиришти.

Жаңы тарифтер менен интернет-трафиктин көлөмү башка провайдерлер менен атаандашууга жол ачып, 2016-жылдын аягында болгон окуялардын кайталанышына жол бербей турганы билдирүүдө айтылат. Анда интернеттин секундасына болгон мегабити 13 доллардан 30 долларга чейин дароо өсүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0