Милиция: "Ош" базарындагы өрт боюнча эки адам кармалды

Жазылуу
Кырсыкка шектелип жаткандар базар жетекчилигинин курамындагы адамдар экендиги айтылды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Учурда "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу боюнча жоопкер кызматкер кармалганын Бишкек ШИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган базарда чыккан алгачкы өрттөн кийин эле тиешелүү органдар базар жетекчилигине мындай окуя кайтыланбашы керектигин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

"Базар жетекчилиги буга чейин 50 миң сом айыпка жыгылган. Акыркы өрттөн кийин кырсык болгон жердеги видео тыкыр иликтөөгө алынды. Кырсыктын себеби катары каралып жаткан бир нече версиянын ичинде атайын өрт коюлган деген божомолдоо да бар. 24-апрель күнү "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу боюнча жоопкер кызматкер кармалды", — деди Молдалиев.

"Ош" базарында чыккан бир нече өрт боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 238-беренелери (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0