Жамшитов: президент Башкы прокурорлукту сунуштаганда беш мүнөттөй отуруп калдым

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовБашкы прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитов
Башкы прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда парламенттин жалпы жыйынында Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовго депутаттар суроо берип жатышат

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Башкы прокурорлукка талапкер  Өткүрбек Жамшитов ага президент Жээнбеков Башкы прокурорлукту сунуштаганда кандай жооп берүүнү да билбей калганын ЖК депутаты Бахадыр Сулеймановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Жээнбеков аны кайсы сапаты үчүн тандаганына кызыккан болчу.

"Президент чакырып "ушул кызматка талапкерлигиңерди көрсөтөм" дегенде бул кабар мен үчүн чындап күтүүсүздөн болду. Ишенсеңиздер кандай жооп беришимди да билбей, беш мүнөттөй отуруп калдым", — деди ал.

Кандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Баш прокурор болчу Өткүрбек Жамшитов деген ким? Талапкер тууралуу 6 факты
Жамшитов ошондой эле президент ага ишеним артып, жоопкерчиликтүү жумушту сунуштаганына ыраазычылыгын билдирди.

Учурда парламенттин жалпы жыйынында Башкы прокурорлукка сунушталган Жамшитовго депутаттар суроо берип жатышат. Буга чейин Жогорку Кеңештин комитети жана көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин Башкы прокурорлукка бир добуштан колдошкон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0