Бүтүндөй командам сызга отургузуп кеткен. Дизайнер Замира Молдошева менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева маек учурунда
Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал башында жетекчилик кызматты жөндөй алган эмес. Өзгөчө салыкчылар көңүлүн суутуп, акча талап кылып, салонуна суроо-сопкуту жок, тебелеп-тепсеп кирип келе беришчү. Ошондо өзүнө "силердин алдыңарда башымды шылкыйтпайм" деп убада берген. Сөз белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева тууралуу болуп жатат.

Өткөн аптада кыргызстандыктар Замира Молдошеванын автордук мода көргөзмөсүнө күбө болду. Учурда Молдошева дизайнерликке катуу киришип жаткан чагы. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, ишкерлик чыйыр жолу жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

— Замира айым, кечээ жакында эле автордук көргөзмөңүздү тартууладыңыз. Жеке мен сизди буга чейин далай көргөзмөлөрдү өткөргөн деп ойлоптурмун.

— Беш жыл катары менен чеберчилер күнүндө жаш дизайнерлерди колдоп чогуу өткөрүп келдим. Анан эне болдум. Былтыр күздө жеке шоу-рум (үйдүн ичинде сатылчу кийимдер — ред.) ачып, эми минтип автордук көргөзмөмдү уюштурдум. Ар кандай стилдеги 80 көйнөк жана жеңил пальтолорду элге көрсөттүм. Кийимдерди кийип чыкканга 60 модель тандалып, эң келишимдүүлөрүн кечки жана этникалык көйнөктөрдүн көргөзмөсүндө чыгардык. Бир учурду айта кетпесем болбойт. Бизде профессионал модель кыздар аз. Эң көп дегенде саны отузга араң жетет.

© Фото / продакшн студия "СинемАрт"Дизайнер Замира Молдошеванын автордук мода көргөзмөсү ушул жылдын 16-апрелинде өттү
Показ моды Весна-лето — 2018 Замиры Молдошевой - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошеванын автордук мода көргөзмөсү ушул жылдын 16-апрелинде өттү

— Мода чөйрөсүндө көп жылдан бери жүрөсүз. Молдошева көбүрөөк дизайнерби же стилистпи?

БУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенген, дизайнер Гульнур Тоялиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
МАГАТЭде иштеген Тоялиева: кылчайсам, өмүр өтүп жатыптыр... мен кыялыма кайтып келдим
— 2005-жыл кыргыз эстрадасынын жаш мууну топ жарып чыккан учур эле. Стилист катары Урмат Усенов, Темир Назаров, Сема, Съездбек Искеналиев, Неля, андан сырткары продюсер Канат Култаевдин балдары менен көп иштедим. Ырчылардын келбетинен тарта чүпүрөгүнө чейин өзгөртүү жеңил. Буларга жалтыр-жултур жарашат. Соңку кездери ырчы Каныкей, Жийдеш Идирисовалар менен кызматташтым. Андан бери кардар ала элегиме үч жылга чамалады. Адам бир нерсени кечке жасай берсе тажайт экен. Мен да ошондой болдум. Стилисттик ишимди тарбиялаган шакирт кыздарыма өткөрүп бергем. Устаттан шакирти кыйын чыгат дегендей, азыр менден артык жасашат. Акыркы жылдары дизайнерлик менен гана алектенип келем. Стилист менен дизайнердин окшош жактары арбын. Сүрөт тартып, фантазияңды ишке ашыра алсаң, эки жакты тең алып кетүү оңой.

— Учурда сулуулук салонуңуз менен окутуу борборуңуз ийгиликтүү иштеп жатат десек болот. Ишкерликти жөнгө салууда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

— 2005-жылы сулуулук салонун ачканда жетекчилик кызматты жөндөп кете албай кыйналгам. Ошондо жетекчиликти үйрөткөн курстардан окуй калсам болмок экен деп калам. Дагы бир эсте калганы — салыкчылардын доосу. "Мэриядан келдик, өкмөттүн трассасында жайгашканыңар үчүн акча төлөгүлө", анысы аз келгенсип "Бакиевди колдоп акча чогултуп жатабыз" деп келе бергендер болду. 2005-жылды союз ураган маалга салыштыра берем. Ал убакта укугумду да билчү эмесмин. Топ адамдар суроо-сопкуту жок салондун төрүнө чейин кирип барышчу. Азыркы учурум болсо ошол адамдардын каяктан келгендигин билиш үчүн тиешелүү кагаздарын сурамак экенмин. Эки жыл салыкчылар менен күрөшкөндөн кийин мен дагы жогорку жактарга арызданып, укугумду коргоп, "мындан кийин силердин алдыңарда башымды шылкыйтпайм" дегем.

© Sputnik / Табылды КадырбековСтилист-дизайнер Замира Молдошева: ишкерликти баштаганда бир тыйыным жок, жолдошум менен кеңешип үйдү күрөөгө коюп, насыя алганбыз. Жарым жыл кардары жок отуруп, андан кийин ишим жүрүшүп кетти
Известный стилист-дизайнер Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Стилист-дизайнер Замира Молдошева: ишкерликти баштаганда бир тыйыным жок, жолдошум менен кеңешип үйдү күрөөгө коюп, насыя алганбыз. Жарым жыл кардары жок отуруп, андан кийин ишим жүрүшүп кетти

— Анан качан ишкерликтин пайдасын көрүп баштадыңыз?

— Ишкерликти баштаганда бир тыйыным жок, жолдошум менен кеңешип үйдү күрөөгө коюп, насыя алганбыз. Жарым жыл кардары жок отуруп, андан кийин ишим жүрүшүп кетти. Жүрөгүмдүн түшкөнү — ижаранын акчасын төлөө эле. Былтыр шоу-үйүмдү ачканда деле кыйналгам, бирок азыр кардарларымдын саны үзүлбөй сүйүнтүп жаткан учуру. Ишимдин жүрүшүнө күйөөмдүн жардамы абдан чоң. Өзүнүн курулуш компаниясы бар. Андан түшкөн каражатты мен эле тытмалап, "тигини жасап бер, муну оңдоп бер" дей берем.

— Банкрот болгон учурларыңыз болдубу?

WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курлардын дизайнери Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Аманбеков: "депутаттын баласымын" деп апамдын атын колдонбойм
— 2007-жылы салондогу кызматкерлер түп орду менен ишти таштап кетип калышкан. Себеби бир компания аларды жумушка чакырган экен, баары профессионал болчу да. Сызга отуруп калгандай эле болдум. Үч ай аренда төлөй албай кыйналгам. Үйрөнчүк кыздарым менен тырмышып иштеп отуруп, кыйынчылыктан чыгып кеттик. Кийин баягы мени таштап кеткендердин баары чекесинен белек-бечкегин көтөрүнүп келип, кечирим сурашкан. Ошонусуна рахмат. Азыр кызматкерлер менен келишим түзүп иштейм.

— Бардык ишке кантип жетишип жатасыз?

— Убакытты туура бөлүштүрүү керек. Салонго, окутуу борборуна жана мода ишканага күнүнө кеминде бир сааттан барып турам. Баарын өзүм жөндөп, жетектейм. Кечки саат алтыдан кийин үй-бүлөмдүн жанында болушум керек.

— Баса, сиздин окутуу борборуңузду бүткөндөрдөн сертификат алуу кыйын деп уктум эле…

— Адамда принцип болушу керек экен. Айрым салондордун "кыска убакытта укмуш чебер кылабыз" деген кооз жарнамаларын укканда жиним келет. Бир айда тырмак жасоонун да адиси боло албайсың. Мен жарым жыл, күнүнө үч сааттан окутам. Сабакка келбей коюшса ата-эне, туугандарына чалабыз. Экзаменди өзүм алам. Сындан өтпөй калса, кызылдай акчасына карабай сертификат бербей коем. Окуйм дегендер келишим түзөт. Документке биздин талаптарды актарбаса кагаз берилбейт деген талапты кошуп койгом. Мени жаман көрүп, ортого киши салгандар да жок эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамира Молдошева: энелик бакытты он беш жыл күттүм. Ортодо тууганымдын кызын багып алган элек, бешке чыкканда ата-энесинин көзүнө жакшы көрүндүбү, айтор алып кетишт
Известный стилист-дизайнер Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Замира Молдошева: энелик бакытты он беш жыл күттүм. Ортодо тууганымдын кызын багып алган элек, бешке чыкканда ата-энесинин көзүнө жакшы көрүндүбү, айтор алып кетишт

— 2005-жылга чейин эмне менен алектенгенсиз?

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева - Sputnik Кыргызстан
Дилбар Ашимбаева: Раиса Атамбаева сындуу болгондуктан кийим тандоо оор эмес
— Бала кезимен бери сүрөт тартам. Окуучу кезде апамдын кол машинесине юбка тигип кийгеним эсимде. Үйдөн чий буюмдарды жасап, буйрутмага кийиз, шырдак жасачубуз. Мектепти бүткөндө Душанбе шаарындагы борбордук тигүү окуу жайына өткөм. Бирок Тажикстанда жарандык согуш башталып кетип, үйдөгүлөр жибербей коюшкан. Анан Бишкектеги №94 училищеден тикмечилик кесипке окудум. Эмгек жолумду тигүү цехинен баштадым. Ал кезде кийимдерди дүңү менен даярдайт элек. Акыры тикмечиликти көргүм келбей калды. Эми ойлосом, мен чыгармачыл адам экенмин. Цехте чыгармачылык изденүү, сүрөт тартуу, бир нерсени ойлоп табуу деген жок болчу. Анан чач тарачтын окуусун бүтүп, салонго кирип алдым. Кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин сүрөтчү-модельер бөлүмүнө тапшырдым. 2009-жылы кайрадан тигүүчүлүккө кызыгып, цех ачтым эле, жыл айланбай жаап салдым.

— Сизди тарбиялаган ата-энеңиз тууралуу айта кетпесеңиз болбойт?

— Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулуп-өскөм. 12 бир тууганбыз, үчөө арабызда жок. Апам өмүрүн бизди карап, чоңойтконго жумшады. Азыр сексенге таяп калды, инимдин колунда айылда турат. Атам мал доктур, чарба жетекчиси болуп жүрдү. 62 жашында оорудан каза тапты. Туугандар менен күзгө жуук чогулуп турабыз.

— Бала кезде мүнөзүңүз кандай эле?

— Айылда уй саап, мал кайтарып, эркек балдар менен эле ойноп жүрчүмүн. Кыскасы, үй жумуштарына, өзгөчө ашканага жок элем. Азыр мыктымын деп айта албайм. Бирок кызым жана жолдошум үчүн абдан аракет кылам. Европанын ашканасы жагат. Ар дем алышта дасторкон жайып чет элдин даамдарын даярдайм. Жолдошум колуңан баары келет деп алкап турат.

— Жолдошуңуз тууралуу кеп кылып калдык, аны менен кантип таанышып, түтүн булатып калгансыздар?

Улуттук кийим кийген модельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм
— Чогуу жүргөнүбүзгө 18 жылдан ашты. 2000-жылдары мен чач тарач болуп иштечүмүн. Көлгө мени чеберчилигиңди көрсөтүп, окутуп бер деп чакырып калышты. Иш бүтүп кетейин деп жатсам, бирөө коридордо күтүп туруптур. Көңүлүм чаппай жатып, чачын араң кырккам. Анда 28 жаштамын, жолдошум менден 17 жашка улуу. Тамашөкөй экен, анекдот айтып жатып, көңүлүмдү өзүнө бурдуруп алды. Биринчи турмушунан үч баласы бар эле. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бизди сүйүү жеңди.

Энелик бакытты он беш жыл күттүм. Ортодо тууганымдын кызын багып алган элек, бешке чыкканда ата-энесинин көзүнө жакшы көрүндүбү айтор, алып кетишти. 43 жашымда бала жытын искедик. Кызым Саада эки жашка чыкты. Ал жокто кантип жашап жүргөнүбүздү элестете албайм. Жолдошум да кырк жаштан кийин баланын баркын билет экенсиң дейт. Дагы балалуу болсок деген ниетибиз бар.

— Кызыңызды эрке өстүрүп жаткан турбайсызбы?

— Биз үчүн анын ар бир сөзү — мыйзам. Үч жашка чейин каалаганын жасатып, андан кийин кой-айды үйрөтөбүз. Саада менин жанымда эле эрке, мен жокто тынч отурат экен. Азыр бала бакчага бара баштады. Стресс болбосун деп башында эс алуу жайына баргандай 2-3 саат баш багып жатып көндүргөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0