Боом капчыгайы 1,5 жума маал-маалы менен жабылып турат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы автоунаалар. Архив
Боом капчыгайындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери күндүз, күн ачык болгон күндөрү гана таш түшүрөт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 120-чакырымы болгон Боом капчыгайында 23-апрелден 4-майга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери тарабынан тоо боорундагы таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган мөөнөт ичинде саат 9:00дөн 15:00гө чейин капчыгайдын жолу маал-маалы менен жабылып, унаа кыймылына милиция көзөмөл салат.

"30-40тай машина топтолгондо ташты түшүрүү иштери токтоп, машиналар өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери күндүз, күн ачык болгон күндөрү гана таш түшүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0