Кыргыз балдары — Радж, Бобби, Митхун. Индия киносунан улам коюлган аттар

© AFP / JEWEL SAMADБолливудская актрисасы Карина Капур. Архив
Болливудская актрисасы Карина Капур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Советтер Союзу учурунда Индия кинолору кеңири жайылган. Баары Радж Капур жана Митхун Чакраборти деген ысымдарды жатка билчү. Мындан улам сүйгөн актеронун ысмын өзүнүн балдарына койгону таң калычтуу эмес.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Индия актерлорунун атын алган адамдар аз эмес. Бул тизмени Sputnik Кыргызстандын кабарчысы биометрикалык маалымат тапшырып шайлоочулардын тизмесине кирген 18 жаштан жогорку жарандардын арасынан тапты.

Презентация проекта под названием Войлочный мир — дух кочевья в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Зыйнат, Жыпар, Карлыгач, Жоомарт. Атыңыздын маанисин билесизби?
Ага ылайык, өлкөдө Капур аттуу киши жашайт. Баса, мындай фамилиядагы адамдар Индия кинематографиясынын атагын чыгарган. Бул фамилиядагы актерлордун кланы түзүлгөн десек да болот. Алардын бири Радж, анын ысымы 23 кыргызстандыкка ыйгарылган. (Радж Капур продюсер, сценарист жана актер. "Господин 420", "Бродяга" тасмаларында аткарган ролу менен таанымал). Ал эми Радждын ортончу уулу Ришинин аты кыргызстандык бир кишиге коюлуптур. Дагы бир мекендештин аты Анил, ал актер "Мистер, Индия" киносунда баш каарман катары таанымал.

Ал эми "Танцор диско" тасмасындагы баш каарман Болливуд жылдызы Митхун Чакрабортинин ысымын үч адам алган. Индия актерлордон айырмаланып, актрисаларынын ысымы коюлган эмес. Бирок алардын каармандарынын аттары бар. Алсак, Кыргызстанда үч Бобби, 15 Гита жана 28 Зита жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0