Өзүң деле бир нерсе сатып аласың го! Сатуучулар кыжырды кайнатканда

Жазылуу
Кокус кийим-кече саткан кымбат дүкөндөргө жупуну кийим менен кирип калсаң, болду, сени эч ким карабайт дагы, тейлебейт. Сүлкүлдөп кирсең сатуучулар апасын көргөндөй сүйүнүп кетет.

Сатуучулар кайсы учурда жинди кашайтат? Sputnik Кыргызстан агенттиги кардарлардан сураштырып көрдү.

Кырчын жайлоосундагы маданий иш чаранын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байкемдин башын айлантпа! Жеңелер кыжырды кайнатканда
Асмандан түшкөндөр. Дүкөндө аябай боенуп, жасанып, тим эле кабинетте отургансып келген-кеткенди сынаган сатуучулар аман эле болсун. Кокус алардын дүкөнүнө жупуну кийинип, чачың жакшы таралбай кирип калсаң, болду, сени адам катарынан чыгарып коюшат.

Оозуна талкан салып алгандар. "Бул канча, тиги канча" деп сурай берип, акыры тажаганыңан кетип каласың. Эмнеге соода кылып отурганын түшүнбөйсүң.

Урушчаактар. Кийим алайын деп жүргөндө жакшысын тандайын дейсиң да. Кийип көрүп жакпай, кетип баратсаң, кагынып-силкинип, сүйлөнүп, абийириңди кетирет. "Албагандан кийин эмне кийдиң" деп беттен алгандар да болот.

Алдамчылар. Товары жакшыбы-жаманбы, ага карабайт. Иши кылып өткөрсө болду. Сапаты начар экенин көрүп турсаң да, каратып туруп калп айтат. Анан "оригинал" деп кишини күйгүзөт да. Тамак-аш саткан соодагерлер да мөөнөтү өтүп кеткен сүтүн же каймагын берип адамдын башын айлантат. Анан калп эле "аа ошондой бекен" деп билмексен болуп коюшат. Эскирген колбасаларын жууп, майлап туруп саткандарчы… Сөз жок!

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Менин сүрөтүмө эмнеге "лайк" койбойсуң?! Соцтармактагылар кыжырды кайнатканда...
Сөзү бүтпөгөндөр. Жакшы эле ошол эжеден же байкеден соода кылайын деп товарын карап турасың, ал телефон менен сүйлөшүп жатат. Күтүп-күтүп анан ошол сүйлөшкөн боюнча эле товарын эптеп көрсөтө баштайт. Мамлекеттин тагдырын чечип жатса да "анан чалам" деп кое турса деле болот да.

Ач көздөр. Болбогон эле товарын асмандын башы кылып саткандар да жинди кашайтат. Андай буюмду башка жерден эки эсе арзан көргөндө жакаңды гана кармайсың.

Жаңылыктар түрмөгү
0