Медведев Абулгазиевди жаңы кызмат орду менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит председателя правительства Российской Федерации Дмитрия Медведева
Официальный визит председателя правительства Российской Федерации Дмитрия Медведева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куттуктоо телеграммасында Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып тураары жазылган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевди жаңы кызмат орду менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Куттуктоо телеграммасында Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып тураары жазылган.

"Мындан аркы соода-экономикалык өз ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык биримдик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем", — деп жазылат телеграммада.

Соңунда Россиянын өкмөт башчысы Абулгазиевге ден соолук жана иштерине ийгилик каалап өткөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-апрелде жаңы премьер-министр менен анын орун басарлары кабинеттерине жайгашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0