Зыйнат, Жыпар, Карлыгач, Жоомарт. Атыңыздын маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация проекта под названием "Войлочный мир — дух кочевья" в городе Бишкек
Презентация проекта под названием Войлочный мир — дух кочевья в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, наристесинин атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Элдик салт-санаага таянуу менен перзентине жакшы ат берүүнү ойлонот.

Атыңыздын маанисин билбей же ымыркайга ысым ыйгарууда түйшөлүп жүрсөңүз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасы сиздер үчүн. Бул ирет да кыздар, балдардын 20 ысымы сунушталат.

Кыз балага 10 ысым

Жыпар. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мындай ысымдуу кыздар көп. Анын мотиви жыттуу, жагымдуу, сүйкүмдүү, жылдызы жанган кыз болсун деген тилек менен байланышкан.

Чүкө ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлжан, Жибек, Дөөлөт, Жаныш... Атыңыздын маанисин билесизби?
Жыргал. Мурда эркек балдарга да, кыз балдарга да коюлуп келген. Азыркы убакта көбүнчө кыз балдарга көбүрөөк берилип жүрөт. Бул ысым бала ар дайым жыргал турмушта жашасын, жамандык көрбөсүн деген тилекте коюлуп жүрөт.

Зарема. "За революцию мира" деген сөздөрдү кыскартуу (аббревиатура) жолу менен пайда болгон. Советтик идеологиянын күчөп турган маалында жаралган. Мындай ысым татар тилинде да колдонулат.

Замира. "За мир", "тынчтык үчүн" деген маанини туюндурган ысым. Бул ысым дагы СССРдин жемиши десек болот. Бара-бара кыргыз элине да терең сиңип кеткен.

Зейнеп. Бул энчилүү ат араб тилинен оошкон. Ал "маралдай созулган, келишимдүү" деген маанини билдирет.

Зыйнат. Лексикалык мааниси "сулуулук" дегенди билдирет. "Урматтуу, кадырлуу болсун, жашоосунда жаз жыттанып, турмушу маңыздуу-мазмундуу (зыйнаттуу) болсун" деген мааниде кыз балдарга берилчү ысым. 19-кылымдын орто ченинен бери энчилүү ат катары колдонулуп келе жатат.

Каракөз. Көз – сүйүүнүн, балбылдап жанган жаштыктын символу жана киши чырайынын, келбетинин жаркын нуру. Мына ошондуктан элибиз кыз балдардын көзүнө өзгөчө маани берип аларды Каракөз деп аташкан.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байзак, Барпы, Бермет, Баян. Атыңыздын маанисин билесизби?
Карлыгач. Лексикалык мааниси чабалекей сыяктуу келишимдүү куш. Мындан улам ата-эне кыздары карлыгачтай сулуу, сүйкүмдүү болсун деген аруу тилекте коюшкан.

Калбүбү. Кал – элдик түшүнүк боюнча адамдын бетиндеги нуру, наристенин келечек куту, бакыттын белгиси деп эсептелет. Баласынын бир жеринде калы бар болуп төрөлсө анда ага Калбүбү, Калиман, Калыбек сыяктуу ысымдар берилген.

Кенже. Кенже — деген сөз "үйдүн кичүүсү" деген маанини өзүнө камтыйт. Үй-бүлөдө эң кичүүсү болуп төрөлсө ага бул ысым ыйгарылган. Мындай учур кээде үй-бүлөдө бала жетиштүү болду деген ойду да билдирет.

Эркек балдарга 10 ысым

Жедигер. Иран-тажик тилинен келген. "Йадгар" кыргызча "эстелик" деген маанини түшүндүрөт. Мотиви боюнча Туяк, Керээз, Белек деген антропонимдерге жакын. Кыргыздарда жедигер деген уруу да бар. Айрым учурда бала ушул уруунун арасында төрөлгөндө да ушундай ысым берилип жүрөт.

Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер таянып отурбайт, үшкүрүнбөйт! Жаш балдарга байланыштуу 7 "болбойт"
Жеңишбек. Балага ат коюу да чыгармачылыктын бир түрү. Башкача айтканда, ымыркай кайсы мезгилде төрөлсө, ошого жараша ат берилген. Алсак, Жеңиш деген ысымдар көбүнчө Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, андан кийин да көп коюлган.

Жетимиш. Лексикалык мааниси санды түшүндүрөт. Көпчүлүк учурда мындай ысымдар бала төрөлгөндө жакындарынын бири жетимишке чыкса ошо менен байланыштырып ыйгарышкан. Ошондой эле жетимиш үйлүү элди баш коштурган жетекчи болсун деген максатта да эркек балдарга берилген.

Жолболду. Ымыркай жолдо төрөлүп калса да ушундай ысым ыйгарылган. Ошондой эле жолу ачык, келечеги кең бала болсун деген аруу тилектер камтылган.

Жолборс. Бала келечекте жолборстой жүрөктүү, эч нерседен коркпогон, тартынбаган кайраттуу, кармашканын качырган, беттешкенин сүрдөткөн айбаттуу (шер) болсун деген тилек менен коюлат.

Жолдош. Атасына же агасына жолдош болсун деген ойдо, баланын атасынын эркек баласы жок учурда, же эркек балдары аз болгон убакта уулун "Жолдош" деп аташкан.

Жолдубай. Бала жолдо, унаада бара жатканда төрөлүп калса берилген ысым.

Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Жоомарт. "Жаван" деген иран тилинен "боз улан, боз бала, жаш жигит" дегенди туюндурат. Ошондой эле "жайнаган, кең пейил, айкөл" деген маанилерди да өзүнө камтыйт. Мындай ат эркек балдарга ыйгарылат.

Жоро. Бул ысым "дос, шерик" деген сөздөргө үндөш. Уулунун жоро-жолдошу көп болуп, доско бекем жигиттерден болсун деген ой менен эркек балдарга коюлат.

Жумгалбек. Жумгал деген сөз "күн чыгыш" деген маанини өзүнө камтыйт. Ошондой эле Нарын облусунда Жумгал деген район бар. Кээде ымыркайдын энеси төркүнүнө — Жумгалга келип көз жарса, Жумгалбек деп аташкан.

Дагы башка ысымдардын маанисин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдардан окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0