17:14 21 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Нежелательная беременность в КР

Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек

CC BY-SA 2.0 / Jerry Lai / Pregnant
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1107330

Айрым аялдар кош бойлуу кезинде катуу токсикоз болуп тамак ичпей сулк эле жатып калат. Кээсин төрөөр алдындагы толгоо сарсанаага салат.

Жеңил төрөттүн жол-жобосу барбы? Алдан тайдырган токсикоздун алдын алууга мүмкүнбү? Кош бойлуулук жана төрөткө байланышкан маселер боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги №2 клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу 38 жылдык тажрыйбасы бар Чынара Иманкожоева менен маектешип, келиндердин керектүү суроолоруна жооп алды.

Акушер-гинеколог клинического родильного дома №2 в Бишкеке Чынара Иманкожоева во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акушер-гинеколог Чынара Иманкожоева: Кийинки жылдары кош бойлуулуктун биринчи айларында (бала түйүлдүк кезинде) ичинен өспөй калган паталогия көбөйдү. Ошондой эле айына жетпей 6-7-8 айлык ара төрөлгөн учурлар да кездеше баштады

— Дарыгерлер ар дайым "үй-бүлөнү пландаш керек" деп айтып келет. Балалуу болуунун алдында сөзсүз даярдык керекпи?

— Азыр көпчүлүк кыз-келиндер кош бойлуу болордун алдындагы негизги этапты өткөрүп жиберип жатышат. Жаңы үй-бүлө түзүлгөндө, жубайлар балалуу болууну пландоонун алдында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүшү керек. Кийинки жылдары кош бойлуулуктун биринчи айларында (бала түйүлдүк кезинде) ичинен өспөй калган паталогия  көбөйдү. Ошондой эле айына жетпей 6-7-8 айлык ара төрөлгөн учурлар да кездеше баштады. Бул эки паталогиянын тең себептери эненин организминен балага берилген инфекциянын залакасы деп айтса болот. Эске салчу нерсе — жыныстык жол менен жуккан инфекцияны кош бойлуу мезгилде эч ким дарылай албайт. Себеби күчтүү дарылар ичтеги балага да зыянын тийгизет. Ошондуктан дени сак наристе төрөлсүн десе жубайлар балалуу болгонго чейин дарыгерге көрүнүшү керек. 

Ар бир төрөттүн аралыгы жок дегенде эки жыл болушу керек, анткени организм да өзүнө келиши керек.

— Бойго бүткөндөн кийин көпчүлүк учурда ар кайсы дарыгер түрдүү витамин, дарыларды жазып бере берет. Ал витаминдерди сөзсүз ичүү керекпи?

— Эгерде эненин ден-соолугу чың, таза болсо тогуз айга чейин эч кандай дары, режимдин кереги жок. Бир гана фолий кислотасы жана йодомарин деген эки витамин жетет. Себеби Кыргызстанда учурда аз кандуулук жана богок деген эки гана патология бар. Ушул оорулардын алдын алуу үчүн эки витамин сөзсүз берилет. Ал эми калганы аялдын организмине жараша болот. Балага жакшы витамин — бул таза аба, сейилдөө, жашылча-жемиш, өз убагында туура тамактануу. Анан аялдар сөзсүз жашаган жерине каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө болуп турган оң.

— УЗИге бат-бат түшүү да зыян дешет?

— Негизи кош бойлуу айым тогуз айдын ичинде эң көп дегенде үч жолу УЗИге түшсө жетет. Биринчиси бойдо бар-жогун аныктоо үчүн, экинчиси баланын организиминин туура өрчүшүн текшертүү үчүн, үчүнчүсү эгер дарыгер керек деп эсептесе төрөттүн алдында түшүп койсо болот. Албетте, УЗИ пайдалуу эмес, ага жөнү жок түшө берүүнүн кажети жок.

— Кош бойлуу мезгилде аялдарды түйшөлткөн маселе токсикоз эмеспи. Айрымдары тура албай калса, кээ бири эч нерсе болбой жүрө берет. Токсикоз эмнеден улам жаралат, анын алдын алууга мүмкүнбү?

— Мунун себептери көп. Анын бири эне менен баланын иммундук системасы дал келбей калган учурда токсикоз болот. Аны алдын алууга болбойт, себеби бул физиологиялык көрүнүш. Бир эле эне биринчи баласында токсикоз болуп, экинчисинде болбой калышы мүмкүн. Токсикоз негизи оору эмес. Бирок ал өтүшүп, күчөп кетсе жаман. Алы кетип, таптакыр эле тамак ичпей кусуп калган кош бойлуу келиндер сөзсүз дарыгерге кайрылышы керек. Биз аларга тийиштүү дары-дармек берип, калыбына келтиребиз. Эгерде таптакыр эле көтөрө албай кыйналып жатса келиндин макулдугу менен бойдон алдырууга туура келет.

Акушер-гинеколог клинического родильного дома №2 в Бишкеке Чынара Иманкожоева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акушер-гинеколог Чынара Иманкожоева: Негизи кош бойлуу айым тогуз айдын ичинде эң көп дегенде үч жолу УЗИге түшсө жетет

— Бала эмне болгондо айына жетпей ара төрөлөт, алар 9 айлык балдардан айырмаланабы?

— Норма боюнча жети айда бала төрөлбөш керек. Тилекке каршы, андай айына жетпей төрөлгөн балдар көп. Инфекция менен жарыкка келген балдарды айла жок антибиотик менен дарылоого туура келет. Алар дарыгерлердин күчү менен эле жашап кетет, адам катарына кошууга 1-1,5 ай убакыт талап кылынат.

— Медицинада кош бойлуу мезгилдин кайсы учурунда жыныстык катнашка уруксат берилбейт?

— Негизи каршылык жок. Төрөткө бир ай калганда таптакыр эле тыюу салынат. Эгер эненин ден-соолугу таза, чың болсо түшүрөм десе да бала түшпөйт. Ал эми ичте инфекция болуп же аялдын организми алсыз болсо сактап калууга канча аракет кылсаң да түшчү бала түшүп калат. Бул медицинада жаратылыштын өзүнүн тандоосу деп аталат. Айрыкча сегиз жумага чейин түшүп калган түйүлдүк кийин да бала болмок эмес дегенди билдирет.

— Кээ бир келиндердин боюнан катар-катары менен түшүп калуусу да инфекцияга байланыштуубу?

— Ооба, көпчүлүк учурда башка да себептери болушу мүмкүн. Ал үчүн аял жакшылап дарыланыш керек.

— Кош бойлуулардын көбүнүн корккону бул толгоо болсо керек. Төрөөрдүн алдында айрымдар камыр тамак жебей, көп басса төрөт жеңил болот деп айтып калышат. Негизи кандай ыкмаларды колдонсо келин жеңил төрөйт?

— Кош бойлуу аял эч кандай режим колдонбой эле койгону жакшы. Организми талап кылып жатса камыр тамак деле жей берсин. Бирок сиз айткандай төрөөрдүн алдында жатып албаш керек. Сейилдеп, аябай көп эмес, бирок басып, кыймылдап турганы өзүнө жакшы. Башкысы өзүн моралдык жактан "мен жеңил эле төрөйм" деп даярдаганы дурус. Жакында бизде бир келин аябай жеңил төрөдү. Көрсө, ал кош бойлуу келиндердин йогасына барчу экен. Эч ким ага жардам берген жок, өзү ошол жактан үйрөнгөндөрүн жасап, ырдап жатып толгоосу билинбей өтүп кетти. Албетте, төрөт оңой эмес. Азыр төрөткө келиндин жанына күйөөсү, апасы же жакындары кирип калды. Бул абдан жакшы жеңилдик да. Белине массаж жасап, аны менен сүйлөшүп, суу десе суусун, чай десе чайын берип колдоо көрсөтүп турат.

— Негизи толгоо канча саатка созулат?

— Ар кимдики ар кандай. Кээ бири эки сааттын ичинде эле төрөп коет, айрымдарыныкы эки суткага созулат. Аялдын организмине жараша.

Акушер-гинеколог клинического родильного дома №2 в Бишкеке Чынара Иманкожоева во время осмотра пациента
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акушер-гинеколог Чынара Иманкожоева: Норма боюнча жети айда бала төрөлбөш керек. Тилекке каршы, андай айына жетпей төрөлгөн балдар көп. Инфекция менен жарыкка келген балдарды айла жок антибиотик менен дарылоого туура келет

— Сиздерге ар кандай маселе менен кош бойлуу келиндер келет да. Ошолордун ичинен эң оор деп кандай учурлар эсептелет?

— Акушер-гинекологдор үчүн кош бойлуу келиндердин кан басымы көтөрүлүп кетип, шишик басып, анан заарасынан белок чыгып келгени эң оор. Бул гестоз же кечиккен токсикоз деп айтылат. Мындай учурда айрымдарынын кан басымы көтөрүлүп, инсульт да болуп калышы мүмкүн. Кан басымы жогору келиндер каттоого турганда эле дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болот. Кээ бири эсин жоготуп коет (экламсия). Бул учурда биз колдон келишинче эне-баланы аман алып калганга аракет кылып, аялды операция жолу менен төрөтөбүз. Көтөрө албагандардыкы балдары ичинен чарчап калган окуялар да катталат.

— Көбүнчө кайсы курактагы аялдар мындай кырдаалга туш болот?

— Ар кандай. Негизи жаш өткөн сайын ден соолук начарлап, кан басым жогорулайт эмеспи. Ошондуктан жашы өтүп калгандарда жана жашы жетпей көз жаргандарда мындай учур көбүрөөк кездешет.

— Жаш курагы жете элек төрөгөн кыздар көппү же азбы?

— Быйыл мен билгенден биздин төрөт үйүнөн 14 жана 16 жаштагы эки кыз төрөдү. Сурасак турмушка чыгышыптыр.

— Медицинада негизи эрте төрөгөн да коркунучтуубу?

— Негизи коркунуч бар. Бирок убагында эле, 18 жаштан өтүп көз жарганы туура.

— Төрөттөн кийин жакшы тыңыш үчүн кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Азыр бала төрөлөөрү менен энесинин төшүнө жаткырылып, дароо эмчек берилип жатат. Бул эне жана бала үчүн абдан пайдалуу. Бала канчалык көп эмчек эмсе энесинин жатыны ошончо тез жыйрылып, калыбына бат келет. Андыктан энелер батыраак тыңыйм десе күнү-түнү эринбей баласын көбүрөөк эмизсин. Эмчек эмизүү бир гана балага эмес, эненин ден-соолугу үчүн да пайдалуу. Тогуз ай бою чоюлган жатын бат эле өзүнө келет. Эмизбесе кеч жыйрылып, ал тургай жыйрылбай да калат. Ошондуктан биз ден-соолугу таза, эмчек эмүүгө күчү жеткен ымыркай төрөлүшүн каалайбыз.

Акушер-гинеколог клинического родильного дома №2 в Бишкеке Чынара Иманкожоева во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акушер-гинеколог Чынара Иманкожоева: Кесерово болуп төрөсө биринчиден наркоз алат, ичи кесилет, баласын дароо төшүнө ала албайт, баарынан жаманы чектелүү санда гана бала төрөй алат

Айрымдары төрөгөндөн кийин жуунбаш керек, тиш жуубаш керек деп айтып жүрөт. Жок, медицина эки күндөн кийин жуунуп-тазаланып, таза абага чыкканга уруксат берилет. Ал эми тишти ошол эле күнү тазалай берсе болот. Башкысы ысык мончого 40 күнгө чейин барбаш керек. Себеби жатын жалаң булчуңдан турган орган болгондуктан, ысыктан ал бошоп ичиндеги кандын баары агып кетиши мүмкүн. Ошондой эле 42 күнгө чейин жытныстык катнашка уруксат берилбейт. Себеби жатындын моюнчасы ачык болуп аял ар кандай ооруга чалдыгышы ыктымал.

— Операция жолу менен төрөгөн жакшыбы же өзү төрөгөнбү?

— Өзүң төрөгөнгө эмне жетсин. Азыр айла жоктон операция жолу менен төрөтүүгө туура келет. Айрымдары толгоодон коркуп "менин операция кылып төрөтүңүзчү" деп суранышат. Бирок биз каалаганыбыздай эле операция кыла бербейбиз да. Анын сөзсүз бир себеби болот. Кесерово болуп төрөсө биринчиден наркоз алат, ичи кесилет, баласын дароо төшүнө ала албайт, баарынан жаманы чектелүү санда гана бала төрөй алат.

— Төрөп чыгып кеткенден кийин да гинекологиялык маселе менен кайрылгандар болот турбайбы?

— Төрөгөндөн кийин, тилекке каршы, кээ бир учурда ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн. Эгер төрөп үйүнө чыккан эненин дени табы 40 градуска чейин ысыса, чыйрыгып, жатындан жагымсыз жыттар чыгып, бели, ичи ооруса дароо дарыгерге кайрылуусу керек. Мындай учурда жатын сезгенип, баягы ичтеги инфекция бала чыккандан кийин ойгонуп кайра ооруну козгой баштайт. Бул вирусту төрөгөндөн кийин дарыласа болот, эмчектеги балага зыяны тийбейт.

Тема боюнча

Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
Белгилер:
төрөт, гинеколог, медицина, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ