Бишкекте VI билим берүү фестивалы өтөт

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекФестиваль образования "Экология и здоровье человека" в столице
Фестиваль образования Экология и здоровье человека в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар үчүн мастер-класстар уюштурулат

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте VI билим берүү фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын менеджери Мария Колесникова билдирди.

Фестивалга окуучулар, студенттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү катышат.

Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль жаштарды Кыргызстанда жашаган түрдүү этникалык топтун өкүлдөрү менен тааныштыруу жана аларга болгон урмат-сыйды калыптандырууну максааттайт.

Успех кыргызстанцев в олимпиаде MIYIO — 2018 молодых изобретателей в Малайзии - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин ойлоп тапкыч окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 9 медаль утушту
Иш-чаранын биринчи күнү коноктор Бишкек гуманитардык университети жана окутуучулар, профессорлор менен таанышат.

Колесникова окуучулар үчүн мастер-класстар, ошондой эле келечекте кесип тандоосуна жардам бере турчу жарманке уюштуруларын белгиледи.

Фестивалдын экинчи күнү бир айдан кийин 19-майда Улуттук филармонияда өтөт.

Маданий иш-чара Бишкек мэриясы, "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондусу, КРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарабынан уюштурулууда.

Билим берүү фестивалы Бишкекте 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0