Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши. Соцтармак эмне дейт?

Жазылуу
Интернет колдонуучулардын айрымдары Сапар Исаковго убакыт берүү керек десе, дагы бири отставка кетирүү чечимин колдогон.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алуу боюнча токтом кабыл алып, аны 102 депутат колдоп берген. Ал эми төрт депутат буга каршы чыккан болчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги саясаттагы мындай бурулушка социалдык тармактын колдонуучулары кандай пикир-кептерин жазып жатканын топтоп чыкты.

Эркежан Исакова өкмөттүн отставкага кетишине каршы пикирин жазды.

Талгат Мураталиев эгемендүүлүк алгандан бери кадрлар тынбай алмашып жатканын белгилеп, "өлкөдө эмне өзгөрүү болду" деген суроо койду.

Бакыт Төрөгелди уулу дагы "жыл алмашпай премьерлерди алмаштыруудан жарып кетебизби" деп нааразычылыгын билдирген.

Дмитрий Федоров отставкага кетип жаткан өкмөттүн мүчөсүнө студенттер биле турган суроо узатып, бирок жооп алалбаганын баса белгилеген.

Ал эми Дарика Асылбашева Сапар Исаковду прогрессивдүү башкаруучу деп белгилөө менен анын өкмөтүнүн отставкасына каршы экенин жазган.

Айжан Чыныбаева аттуу колдонуучу дагы Сапар Исаков инновациялык идеяларды көтөрүп чыкканын, бирок алардын баарын ишке ашырууга убакыт берилбегенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0