БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарына жаңы таштанды таштоочу контейнерлер алып келинди. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" ишканасы Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы контейнерлер Черемушка аймагындагы чирип, тешилген таштанды челектердин ордуна коюлмакчы.
"Таштанды салууга жаңы контейнерлерден дагы 10 даанасы келди. Аларды сатып алууга ишкана өз эсебинен акча которгон. Буга чейин 2017-жылы 20 контейнер алынган", — деп жазылат билдирүүдө.
2017-2018-жылдары ишкана тарабынан жалпы 40 контейнер алынып, орнотулган. Аларды сатып алууга жалпы 2 миллион 604 миң сом сарпталган.