"Макмал" комбинатындагы өрт: 15 адам кармалды

Жазылуу
Өткөн аптада "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп ийген.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Тогуз-Тородогу алтын фабрикасынын курулушунун тегерегинде чыккан башаламандыктан кийин 15 кишиге бир нече берене менен кылмыш иши козголгондугун ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. Макмалдагы өрттүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. "Макмалдагы" өрттүн видеосу
Эске салсак, 11-апрель күнү Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп ийген. Нааразычылылык акциясына чыккан миңдей адам жаңы фабриканын курулушуна каршы болгон.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 234 (Бейбашчылык), 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-беренелери (Массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголуп, 15 адам убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ушул тапта аймактагы кырдаалды милиция толугу менен көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0