15:52 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Комплекс автофиксации нарушений ПДД в Новосибирске

Көчөлөргө камера койдук дейли. Андан кийин ойлондурчу 8 жагдай

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
748 0 0

Камераларды устундарга орнотуп коюу оңой. Ал эми кымбат баалуу жабдыкты жарым жылда күйүп кетпегидей иштете билебизби? Кептин баары ушунда!

Бул маселени ийне-жибине чейин талдай билген биздеги жалгыз киши — Эсен Салиев. Кыргызстанда "Акылдуу шаар" боюнча андан артык билген жан жок. Кезегинде бул киши Кыргызстандагы алгачкы уюлдук "Кател" ишканасын жетектеп, техникалык маселелер менен алектенген.

Эксперт, экс-начальник пресс-службы МВД КР Эсена Салиев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эксперт Эсен Салиев: Бизде жол эрежесин көп бузушат: токтоочу сызыктан да өтүп кетип, жөө жүрүүчүлөрдү өткөрүшпөйт. Кайсы бир кезде Бишкекте изилдөө жүргүзүшүп, бир жол кесилишинде эле алтымыш мүнөт аралыгында 50 чакты эреже бузуларын аныкташкан!

Салиевдин тажрыйба тизмегинде Ички иштер министрлиги да жазылган, дал ошол жерде "Акылдуу шаар" долбоору боюнча иш алпарган.

— Шаарыбыздын булуң-бурчунда, ар бир кесилишинде видеобайкоо камераларынын орнотулушун баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп калдык. Бул жүзөгө ашса эле бишкектик авто сүйүүчүлөр дароо тартиптүү жана мыйзам сыйлаган айдоочуларга айлана калчудай туюлат.

— Мыйзам ченемдерине ылайык жашап, эрежелерди сактай билген коомдо чындыгында камералар анча деле чоң роль ойнобойт. Бирок, албетте, жарандардын үмүтүн тезирээк актоону жана долбоорду ишке киргизүүнү көздөгөн өлкө жетекчилигин түшүнүп турам.

Ошентсе да шашылуунун кажети жок. Инженердик көз караштан алып караганда бул оңой-олтоң нерсе эмес. Камераларды жайгаштырып коюу — ал иштин эң соңундагы аракет.

— Эң башкы көйгөй кайсы?

— Электр зымдары. Аларды СССР убагынан бери эч ким жаңылай элек. Калаада жол чырактары бат-бат иштен чыгып келе жатканына өзүңөр деле күбө болуп жүрөсүңөр. Себеби чукул өзгөрүүлөрдөн улам тармактар чыңалууну көтөрө албай чырактары бат эле күйүп кете берет.

Жол чырактары го анча чоң көйгөй жаратпайт, жаңы лампасы арзан эле турат. Ал эми камералар жана ага кошумча бардык аппаратуралар — татаал түзүлүш. Анын ремонту эле асмандын башы.

— Бул жалгыз техникалык көйгөйүбү?

— Жок. Камералар тасмаларды жиберип туруу үчүн базалык станция жана оптикалык була менен туташтырылышы шарт. Бишкекте эле бирдиктүү түйүнгө кошулууга тийиш болгон 200 жол кесилиши бар. Бул бүтүндөй бир долбоор, себеби адегенде ландшафттык дизайнды карап, долбоордук иштерди жүргүзүү зарыл.

— Бирок бизде түйүндөрү бар интернет-ишканалары бар эмеспи. Камераларды ошолорго эле кошуп койсо болбойбу?

— Алар жеке ишканалар, мындай талаптарды эч ким таңуулай албайт. Мындан сырткары, алардын андай мүмкүнчүлүгү жок. Баарыбыз эле чабал иштеген интернетти көп тилдеп калат эмеспизби, анан сиз аларга андан да ашыкча жүк болчу оор жабдыкты илип койгуңуз бар. Суткасына 24 саат бою камералардан "оор" тасмаларды жеткирип турууга алардын кубаттуулугу жетпейт.

Эксперт, экс-начальник пресс-службы МВД КР Эсена Салиев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Салиев: "Акылдуу шаар" тутуму бирдиктүү базанын түзүлүшүн туюндурат. Бирок мекемелердин бири дагы — МКК да, ИИМ да, прокуратура да өз базаларындагы маалымат менен бөлүшкүсү жок. Бул түшүнүктүү, аларга коопсуздук маселеси маанилүү эмеспи

— Үстүртөн көрүнгөн дагы кандай маселелер бар?

— Азыр четинен санайын. Бизде жол эрежесин көп бузушат: токтоочу сызыктан да өтүп кетип, жөө жүрүүчүлөрдү өткөрүшпөйт. Кайсы бир кезде Бишкекте изилдөө жүргүзүшүп, бир жол кесилишинде эле алтымыш мүнөт аралыгында 50 чакты эреже бузуларын аныкташкан!

Ал эми калаабызда андай кесилиштен 200ү бар. Ошондо күнүнө 200 миңге жакын эреже бузуу катталып турат. Айдоочуларга анчалык "куш катты" ким жеткирип үлгүрөт? Бул милдет ансыз деле эптеп күн көрүп келе жаткан "Кыргыз почтасына" тагылары анык. Кат ташуучу чоң апалар мойнуна жүктөлгөн миңдеген катты каттап, үйлөргө жеткирүүгө кубанарынан шегим бар. Ага алардын күчү да жетпейт. Бул бир.

Кат унаа ээсине барат. Машинасын эбак эле сатып, чет өлкөгө иштеп кеткени бар. Кай бири унаасын ишеним кат менен айдап жүрөт. Айыпкерге айып пул туурасында кабарды кантип жеткирүү керек? Бул — экинчи маселе.

Айып пулга нааразы болгон айдоочу адилеттик издеп сотко кайрылат. Бирок баарыбыз жакшы билгендей, соттордун качан болбосун, убактысы тар!

Ошондой эле эреже бузгандарга кандай чара көрүүнү да чечип алуу керек. Маселен башка өлкөлөрдөгүдөй, чет өлкөгө чыгарбай коюу да жөндүү. Анүчүн Административдик кодексти азыркы учурга ылайыктообуз абзел. Бул үчүнчү шарт.

— Дарек, унаа жана адамдарды издөө кандайча ишке ашырылат? Кыргызстандын бардык жарандарына бирдей маалымат базасы түзүлүүгө тийишпи?

— Бул орундуу собол. "Акылдуу шаар" тутуму бирдиктүү базанын түзүлүшүн туюндурат. Бирок мекемелердин бири дагы — МКК да, ИИМ да, прокуратура да өз базаларындагы маалымат менен бөлүшкүсү жок. Бул түшүнүктүү, аларга коопсуздук маселеси маанилүү эмеспи.

Уюлдук операторлор да өз абоненттери тууралуу маалыматтарды ачыктабайт. Келишимдеги жобо буга тыюу салат. Кокус кимдир бирөөлөр алардын сүйлөшүүлөрүн тыңшап, же, Кудай сактасын, сырын ачууга опузалай баштаса эмне болот?! Мындай маселелер бир ирмемде чечиле калбайт.

— Камералардын орнотулушу менен дагы кандай көйгөйлөр жаралат?

— Ал камералардын иштешине ким көз салат? Бишкектегилери го макул, бирок аларды кан жолдордун боюна да орнотууну көздөп жатышпайбы. Жаштарыбыз шатыра-шатман жүрөт, биринчи эле майрамда аппаратураны бурап коюшу мүмкүн. Ар бир камеранын түбүнө киши кое албайбыз да!

Ошондой эле кан жолдордун боюнда серверлер коюлчу базалык станциялар керектелет. Алар ысып кете турган толгон-токой техникадан турат. Аппаратты улам муздатып туруу зарыл, антпесе, электрдин кубаты кескин жогорулап кеткенде анын бүт курамы жөн эле күйүп кетиши ыктымал. Буга ким жооп берет?

Эксперт, экс-начальник пресс-службы МВД КР Эсена Салиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эсен Салиев: эң башкы маселе — бул мамлекеттик коопсуздук. Негизинен бул долбоор чет элдик ишканалар тарабынан ишке ашырылары айтылып келет. Андай шартта бул маалыматтардын бардыгы башка өлкөлөргө ачык болуп калат.

— Бирдиктүү базанын баарын сакталышын кандайдыр кепилдикке алууга болобу? Кара өзгөйлөрдүн колуна тийип калса, оңбойбуз го…

— Эң башкы маселе — бул мамлекеттик коопсуздук. Негизинен бул долбоор чет элдик ишканалар тарабынан ишке ашырылары айтылып келет. Андай шартта бул маалыматтардын бардыгы башка өлкөлөргө ачык болуп калат. Тегин жерден Кытайдын өзүндө бул ишти кытайлыктар, ал эми Арменияда армяндар колго алышкан жок да.

— Бул долбоорду жүзөгө ашыра ала турган ишканаларыбыз бар экендиги ыраспы?

— Менимче, иштин басымдуу бөлүгүн өз күчүбүз менен ишке ашыра алабыз. Мамлекеттеги оптикалык була жана радиорелейлик тармактарга жооп берген монополист өлкөбүздө бар — бул "Кыргызтелеком". Эгер өкмөттүн тийиштүү токтому чыкса, алар бул долбоорго кол кабыш кылат.

Ишкананын эбак өткөрүлгөн оптикалык була тармактары бар, жок жерлерине улап куруп коюу гана керек. Алардын түйүндөрүн пайдалангандыгы үчүн мамлекет ижара төлөп берсе болот. Ошондо алар жабдыктарды, электр тармактарын өздөрү карап, ишти жөнгө салып турушат. Мындай шартта биз эч кандай чыгым тартпайбыз, себеби алардын баарын айып пул жабат.

Албетте, бул маалыматтарды топтоп, иштеп турган программа зарыл. Бизде Япония үчүн программа жазып келе жаткан ишкана бар. Биринчиден, биз миллиондорду сарптабайбыз. Экинчиден, маалымат эч кайда чыкпайт.

Буга чейин "Акылдуу шаардын" алкагында салынган айып пулдун көлөмүн, себебин интернеттен билүүгө жол ачылганы айтылган.

Тема боюнча

"Акылдуу шаар": салынган айыпты Интернеттен билсе болот
Бишкектин көчөлөрүнө коюлган "акылдуу" камералардын көрүнүшү. Сүрөт
Белгилер:
камера, көчө, Эсен Салиев, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ