Бишкектин деталдуу планынын долбоору толуктоо үчүн кайтарылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына көрүнүш. Архив
Бишкек шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк суроолор жоопсуз калгандыктан айрым активдүү шаар тургундары нааразычылыктарын билдиришкен.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планынын долбоору толуктоо үчүн кайтарылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү коомдук угуу болуп, ага калаа башчысы Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, депутаттар, Мамлекеттик долбоорлоо институтунан долбоордун авторлору, шаар тургундары, архитекторлор жана башкалар катышкан.

Как может измениться центр Бишкека: 3D-эскиз - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борбору кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн. 3D эскиз
Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өтүп, катышуучулар тийиштүү жактарга өз суроолорун беришкен. Анын жыйынтыгында көпчүлүк суроолорго жооп болбогондуктан долбоорду толуктоо үчүн кайтаруу чечими кабыл алынган.

Бишкек шаарынын борбордук аймагынын деталдуу планынын долбоору нормативдик-техникалык документ болуп саналат. Анда жолдордун, арыктардын, маданий объектилердин, калкты коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө боюнча бардык жайлар камтылган. Башкача айтканда, долбоордо кайсы имарат кайсы жерде болушу керектиги көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0