Жөлөк пул алуу жеңилдеп, талап кылынчу документтер кыскартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация буга чейин адамдын катталган жеринен гана берилип келген.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өзгөртүүлөр киргизилгенге дейре акчалай компенсация катталган жери боюнча берилип келген. Жыл сайын компенсация алуучулардан жашаган жеринен маалымдама талап кылынчу (алуучулардын көп бөлүгү кары-картаңдар), мүмкүнчүлүгү чектелген жактар майыптыгын тастыктаган, же кайра күбөлөндүрүүчү документтерди кагаз жүзүндө тапшырып турушкан.

Жаңы жобого ылайык төмөнкүлөр киргизилди:

— акчалай компенсацияны жарандын жашаган жери боюнча, арыз берүүчүнүн каттоосун талап кылбастан дайындоо;

— арыз берүүчүдөн талап кылынган документтердин ичинен жашаган жеринен маалымдаманы жоюу;

Детская соска на национальной валюте. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жоктон көрө жогору! Канча киши сүйүнчү алып, дагы канчасы күтүп жатат
— Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аймактык бөлүмдөрүнүн министрликтин ички электрондук маалыматтар базасы, б.а. корпоративдик социалдык маалыматтык көмөк тутуму аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жактар тууралуу тастыктаган маалыматты өз алдынча уюштуруусу;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтар менен электрондук түрдө алмашууну караштырган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашууларды түзүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0