Соцтармак кызыктары: көйнөгүнө чалынган Брежнева, энесин сагынган ашпозчу

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Концерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Узаган жумада "Ош" базарында чыккан өрт, өлкө башчынын чет өлкөгө болгон сапары жана анын Ош шаарына эл менен кошо жөнөкөй авиакаттам менен учушу социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатты.

1. Россиялык белгилүү ырчы Вера Брежнева сахнадан түшүп эл аралап ырдайм деп бара жаткан кезде көйнөгүнө чалынып жыгылып түштү. Кызыгы бул учурда фонограммасы токтобой ырдай берген. Аны бир кызматкер чуркап келип тартып тургузган. Ырчы Москвада "Орус радиосунун жылдыздары" аттуу концертте "Близкие люди" чыгармасын аткарып жаткан эле.

2. Энесин сагынган мигрант. Москвада ашпозчу болуп иштеген кыргыз жигити Мирбек Атабековдун "Энекем" деген ырын өзүндөй кылып аткарыптыр. Чет жерде энесин, эли-жерин сагынып жүргөн мигранттар миңдеп саналат эмеспи…

3. Эл менен кошо учкан президент. Ишембиде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кадимки эле каттамдагы учакка отуруп Ош шаарына учуп барды. Муну уккан эл соцтармакта талкуулап жатып калышты.

4. Ажону Анкарада 40 атчан аскер коштоп… Мамлекет башчы иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына барганда өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Сооронбай Жээнбеков отурган кортежди 40 аргымак минген аскер хан сарайга чейин коштоп барган. 

5. Соодагерди сызга отургузган өрт. Ал эми 13-апрелге караган түнү "Ош" базарында үчүнчү ирет өрт чыгып 5400 чарчы метр аянтты жалмап кетти. Мунун кесепетинен жүздөгөн соодагерлер миллиондогон акчаларынан кол жууп отуруп калышты. 

6. Мына сага вальс. Жашы өтүп калганына карабай бутунун учу менен зымырап вальс бийлеген жубайлар интернет жылдызына айланышты. Минтип бийлөө жада калса жаштардын да колунан келе бербейт. Суктанбай коё албайсың!

7. Жаш диктордун жаңылыктары. 5 жаштагы Канат Замирбеков жакшы жана жаман жаңылыктар менен бөлүшөт. Анын айтымында, ким уул же кыз төрөбөсүн мамлекет акча берет экен.

8. Жөө улак. Чабандестер аттарын "эс алууга" жиберип, өздөрү жөө улак тарта баштаптыр. Топтошкон 20га чукул жигит билегинин күчүн сынаган.

9. Оштогу өзгөчө той. Адаттагы тойлордо айымдар жар-жар айтып эки жашты коштоп алып кирчү. Бул тойдо башкача болуптур. Эки беткей тизилген 11 ырчы аккордеон менен жандуу ырдап жубайларды тосуп алышкан. Аккордеончулар тобу менен келгенине караганда үйлөнгөн жигит өзү да ырчы окшойт. 
Жаңылыктар түрмөгү
0