Байкемдин башын айлантпа! Жеңелер кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын жайлоосундагы маданий иш чаранын катышуучулары. Архив
Кырчын жайлоосундагы маданий иш чаранын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңелүү болгон кандай сонун, кийимиң таза, тамагың даяр. Бирок алар дайыма эле эненин ордун алмаштыра албайт эмеспи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет жеңелердин кыжырга тийген учурларын тизмектеди.

Битин сыгып, канын жалагандар. Качан көрсөң оокат-кечесин жашырып, бекитип жүргөн болот. Дасторкону жайнап турганын дээрлик көрбөйсүң. Бир үзүм нан да тамагыңдан өтпөйт.

Ажаандар. Мындай жеңелер тилинин узундугунан байкебиздин далай "токмогун" жейт. Жолдошунун маанайы жок экенин көрүп турса деле мээсине чай кайнатканын койбойт. Кой дегенге болбой долуланып атып акыры тил угат. Бир чети бооруң ооруса, кээде ырас эле болду дейсиң.

Празднование Нооруза на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Күйөөңдү эч ким тартып албайт... Аяш келиндер кыжырды кайнатканда
Бир үйдү бириктирбей, эки үйдү эриктирбегендер. Бир туугандар ортосунда ынтымакты дал ушундай жеңелер бузат. Сөз ташып, жамандап жатып бири-бирине кас кылат. Жиниңди гана кашайтат го…

Илээндилер. Качан барба идиши менен кийими аралашып балбаалап эле жатат, же бир үстү-башын оңоп алсачы. Уялганыңан өзүң үйүн жыйнап бергиң келет. Агамдын эле шору да.

Керсейгендер. Барсаң мурдун чүйрүп, жактырбаган жеңелер бар. Бир тууганыңды кыя албайсың. Болбосо үйүнө басып барайын деген деле ниет жок. Андайлар ата-энең менен жашаса шоруңдун катканы да. Итиреңдеп жатып акыры күйөөсүн да эл катарынан чыгарып салат.

Наалыгандар. Кейип-кепчип "аным жок, мунум жок, байкең минтип, байкең тигинтип" деп эле какшап отурганын көрөсүң. Эми тирүү жан болгондон кийин өзү деле кыймылдап, оокат кылайын деп аракет кылышы керек да.

Сүрүнүп-кырынып тургандар. Тазалык жакшы дечи, бирок өтө эле тазалыктуу жеңелер менен да бир үйдө жашоо кыйын. Алар баскан кадамыңды ным чүпүрөк менен сүртө берип, айлаңды алты кетирет. Эми арыдан бери болгон дурус эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0