Жээнбеков чын эле Ошко катардагы каттам менен учуп бардыбы? Расмий жооп

Жазылуу
Социалдык тармактарда өлкө башчы кадимки эле каттамдагы учак менен Ошко барганы туурасында талкуу болгон

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн катардагы авиакаттам менен Ош шаарына учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы тастыктады. 

Бүгүн социалдык тармактарда Жээнбеков эл менен аралашып, кадимки эле каттамдагы учакка отуруп Ош шаарына учуп барганы туурасында талкуу жаралган. 

Теле алып баруучу Нурсултан Майназаров өзүнүн Instagram баракчасына президент Жээнбеков менен бир учакта учуп бара жатканы тууралуу айткан видеону жүктөгөн. Анда ал борттогу жүргүнчүлөргө “Президент биздин арабызда бара жатат” деп айтканда, эл кол чаап жибергенин көрүүгө болот. 

“Президент бүгүн үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу Ошко жөнөкөй каттам менен учту. Тагыраагы, биртууган агасынын жылдыгына барды”, — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, өлкө башчынын агасы Кантөрө Токтомаматов өткөн жылдын 28-апрелинде 70 жаш курагында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0