"Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерди атайын комиссия аныктайт

Жазылуу
Жапа чеккендер менен Ленин районунун акими Нурдин Тынаев жолуккан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Ош" базарынын аймагындагы "Берекет" базарында чыккан өрттөн жабыркаган соодагерлердин тизмесин ведомстволор аралык комиссия аныктай турганын мэрия билдирди.

Ош базарында соодагерлер менен милицонерлердин ортосунда жаңжал чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында соодагерлер менен милиционерлердин ортосунда жаңжал чыкты. Видео
Эскерте кетсек, өрт 13-апрель күнү таңкы саат 03.52де чыгып, толугу менен саат 19.45де, тагыраагы 16 сааттан кийин өчүрүлгөн.  Жалпы жонунан 5400 чарчы метр аянт жалында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт атайылап коюлганын айтып, кичинчерээк мэр Албек Ибраимов "Ош" базарын шаардын чет жакасына көчүрүү боюнча маселе каралып жатканын белгилеген.

Ленин райондук администрациясында өрттөн жабыркаган соодагерлер менен аким Нурдин Тынаев жолукту. Анын жыйынтыгында тараптар кырсыктан жапа чеккендердин тизмесин түзүү жана документтерди чогултуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү чечимине келишкен.

Жолугушууга Ленин райондук ички иштер башкармалыгын өкүлдөрү, өрт өчүрүүчүлөр, Салык кызматынын адистери жана "Берекет" базарынын жетекчиси Рафкат Момункулов катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0