Тажикстандагы кыргыз мектептерине эне тилиндеги китептер берилди

Жазылуу
Учурда Жерге-Тал районунда жалпы билим берүүчү 50 мектеп болсо, алардын кыркка чукулу кыргыз тилиндеги окуу жайлар.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандан коңшу Тажикстандагы Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздардын балдары окуган кыргыз тилдүү мектептерге китептер жеткирилет. Бул туурасында "Кут билим" гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги билим жарманкесинде бүтүрүүчүлөр үчүн чет жакта жумуш сунушталат
Бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде аталган райондун жашоочулары үчүн чогулткан китептер ошол райондо туулган, активист жана журналист, Бишкектин тургуну Жолдош Турдубаевге тапшырылды.

Тажикстандагы Жерге-Тал районунун кыргыз тилдүү мектептерине "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору, Жеңижок баштаган акындардын чыгармалары жана дагы бир топ китептер чогултулган.

"Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жергеталдыктарга деп чогултулган 50 нуска китепти министр Султан Жумагулов тапшырды", — деди Турдубаев.

Открытие новых школ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыга "Сапат" мектеби ачылат
Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар жана кыргыз мектептерге китеп чогултуу демилгеси бир топ ай мурда көтөрүлгөн. Эми активисттер коомчулук жана министрлик топтогон китептерди быйылкы жылдын май айында жеткирип берүүнү пландап жатышат.

Турдубаев Жерге-Талда 40 миңге чукул этникалык кыргыздар жашарын билдирди. Учурда аталган райондо жалпы билим берүүчү 50 мектеп болсо, алардын кыркка чукулу кыргыз тилиндеги окуу жайлар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0